Архив
1152
1153
1154
1155
1156
1157
1158
1159
1160
1161
1162
1163
1164
1165
1166
1167
1168
1169
1170
1171
1172
1173
1174
1175
1100
1101
1102
1103
1104
1105
1106
1107
1108
1109
1110
1111
1112
1113
1114
1115
1116
1117
1118
1119
1120
1121
1122
1123
1124
1125
1126
1127
1128
1129
1130
1131
1132
1133
1134
1135
1136
1137
1138
1139
1140
1141
1142
1143
1144
1145
1146
1147
1148
1149
1150
1151
1049
1050
1051
1052
1053
1054
1055
1056
1057
1058
1059
1060
1061
1062
1063
1064
1065
1066
1067
1068
1069
1070
1071
1072
1073
1074
1075
1076
1077
1078
1079
1080
1081
1082
1083
1084
1085
1086
1087
1088
1089
1090
1091
1092
1093
1094
1095
1096
1097
1098
1099
997
998
999
1000
1001
1002
1003
1004
1005
1006
1007
1008
1009
1010
1011
1012
1013
1014
1015
1016
1017
1018
1019
1020
1021
1022
1023
1024
1025
1026
1027
1028
1029
1030
1031
1032
1033
1034
1035
1036
1037
1038
1039
1040
1041
1042
1043
1044
1045
1046
1047
1048
944
945
946
947
948
949
950
951
952
953
954
955
956
957
958
959
960
961
962
963
964
965
966
967
968
969
970
971
972
973
974
975
976
977
978
979
980
981
982
983
984
985
986
987
988
989
990
991
992
993
994
995
996
897
898
899
900
901
902
903
904
905
906
907
908
909
910
911
912
913
914
915
916
917
918
919
920
921
922
923
924
925
926
927
928
929
930
931
932
933
934
935
936
937
938
939
940
941
942
943
844
845
846
847
848
849
850
851
852
853
854
855
856
857
858
859
860
861
862
863
864
865
866
867
868
869
870
871
872
873
874
875
876
877
878
879
880
881
882
883
884
885
886
887
888
889
890
891
892
893
894
895
896
792
793
794
795
796
797
798
799
800
801
802
803
804
805
806
807
808
809
810
811
812
813
814
815
816
817
818
819
820
821
822
823
824
825
826
827
828
829
830
831
832
833
834
835
836
837
838
839
840
841
842
843
740
741
742
743
744
745
746
747
748
749
750
751
752
753
754
755
756
757
758
759
760
761
762
763
764
765
766
767
768
769
770
771
772
773
774
775
776
777
778
779
780
781
782
783
784
785
786
787
788
789
790
791
687
688
689
690
691
692
693
694
695
696
697
698
699
700
701
702
703
704
705
706
707
708
709
710
711
712
713
714
715
716
717
718
719
720
721
722
723
724
725
726
727
728
729
730
731
732
733
734
735
736
737
738
739
635
636
637
638
639
640
641
642
643
644
645
646
647
648
649
650
651
652
653
654
655
656
657
658
659
660
661
662
663
664
665
666
667
668
669
670
671
672
673
674
675
676
677
678
679
680
681
682
683
684
685
686
583
584
585
586
587
588
589
590
591
592
593
594
595
596
597
598
599
600
601
602
603
604
605
606
607
608
609
610
611
612
613
614
615
616
617
618
619
620
621
622
623
624
625
626
627
628
629
630
631
632
633
634
531
532
533
534
535
536
537
538
539
540
541
542
543
544
545
546
547
548
549
550
551
552
553
554
555
556
557
558
559
560
561
562
563
564
565
566
567
568
569
570
571
572
573
574
575
576
577
578
579
580
581
582
479
480
481
482
483
484
485
486
487
488
489
490
491
492
493
494
495
496
497
498
499
500
501
502
503
504
505
506
507
508
509
510
511
512
513
514
515
516
517
518
519
520
521
522
523
524
525
526
527
528
529
530
427
428
429
430
431
432
433
434
435
436
437
438
439
440
441
442
443
444
445
446
447
448
449
450
451
452
453
454
455
456
457
458
459
460
461
462
463
464
465
466
467
468
469
470
471
472
473
474
475
476
477
478
374
375
376
377
378
379
380
381
382
383
384
385
386
387
388
389
390
391
392
393
394
395
396
397
398
399
400
401
402
403
404
405
406
407
408
409
410
411
412
413
414
415
416
417
418
419
420
421
422
423
424
425
426
322
323
324
325
326
327
328
329
330
331
332
333
334
335
336
337
338
339
340
341
342
343
344
345
346
347
348
349
350
351
352
353
354
355
356
357
358
359
360
361
362
363
364
365
366
367
368
369
370
371
372
373
264
265
266
267
268
269
270
271
272
273
274
275
276
277
278
279
280
281
282
283
284
285
286
287
288
289
290
291
292
293
294
295
296
297
298
299
300
301
302
303
304
305
306
307
308
309
310
311
312
313
314
315
316
317
318
319
320
321
Популярдуу макалалар
|
«CУПЕРДИН СУЛУУСУ МАЛАЙЗИЯДА№331 6-12-март, 2009-æ. “Супердин сулуусу-2” сынагынын жеңүүчүсү Малайзияга барып эс алып келери тууралуу окурмандарыбызды кабардар кылганбыз. Мына ошол көптөн күттүргөн күн да келип, жеңүүчү кыз Чинара, режиссёр, продюсер Канат Култаев жана гезиттин кабарчысы, мен Бактыгүл Абдыкадырова 18-февраль күнү таң эрте “Манас” аэропортун көздөй жол алдык. Канатты жалгыздатпай, ырчылар Алихан, Даниелдер узатып келишиптир. Бир аз демди басып алган соң учакты көздөй жөнөдүк. Мына, алгач ордунан жай козголгон учак улам күүлөнүп отуруп, булуттар менен теңеле түштү. Көздөгөн жерибиз – алыскы Малайзия. “Көрүнгөн тоонун ыраагы жок” дегендей, көк мухиттин кучагында мемиреп жаткан бул ысык өлкөгө кышкы кийимчен биз кечке жуук кирип бардык. Дүйнөлүк мегаполистердин бири болгон Куала-Лумпурга күүгүмдө бийиктиктен көз жүгүртсөң... тимеле укмуш! Акыркы жылдары электр энергиясы тартыш болуп, караңгылыкка чөмүлгөн Бишкектен барган биздин тирукмуш жарыктардан көзүбүз уялгандай эле болду. Малайзия – жашыл пальмаларга толгон, жыпар жыттуу гүлдөрдүн, жашыл аралдардын, токойлордун, экзотикалык жашылча-жемиштердин, бийик-бийик мунаралардын мекени. Бул өлкөгө барып эс алып келүү жагымдуу жомокко жолдомо алгандай... Жылмаюунун өлкөсү Жол ката “эмне эле элдин баары бизди карап жылуу жүздөрү менен жылмайып жатышат?” деп түшүнө албай жатканбыз. Көрсө, келген туристтерди жылуу жүз, жылмаюу менен тосуп алуу малай элинде көнүмүш адатка айланган нерсе экен. Айрымдар жылмаюу менен гана чектелбестен, кайсы жактан келгенибизди сурап, анча-мынча кеңештерин да берип жатышты. Жол катар көчө жээктерине “Саламат датаң!” деп жазып иле беришиптир. Сураштырып отуруп ал “Кош келиңиздер!” деген кеп экенин билип алдык.
Дүйнөлүк мегаполис Жаңы Куала-Лумпур Эртең менен тамактанган соң атайын гид менен Куала-Лумпур шаарын аралай сапар тарттык. Бул мегаполис үч бөлүктөн турат. Алардын ортосун чоң жолдор гана бөлүп турат. Биринчиси – Жаңы Куала-Лумпур. “Жаңы” деп аталышынын себеби Малайзия өлкөсү эгемендүүлүктү алгандан соң жаңы заманбап стилинде курулган имараттар, сейил бактары, айтор, баары жаңы.
Эгемендүүлүктү алганга чейин Куала-Лумпур жаңысынан асман менен жердей айырмаланат экен. Бул тарапта карапайым малай эли жашаган эски үйлөр, мечиттер, базарлар. Кадимки эле биздин шаарлардай. Ошондой эле бул жайда эски каада-салттар да сакталары байкалып турат. Жашыл Куала-Лумпур Шаардын үчүнчү бөлүгү – Жашыл Куала-Лумпур. Аты айтып тургандай эле акыркы бул тарап жашыл бак-даракка, көз жоосун алган кызыл-тазыл гүлдөрдүн түрлөрүнө оронгон, пальмалар менен курчалган жер экен. Баш айлантма жолдор
Балыктын терисинен жасалган сумкалар Шаар айланып жүрүп уй, балыктын терисинен жасалган сумкалар сатылуучу дүкөнгө туш болдук. “Балыктын терисинен да сумка жасалабы?” Үчөөбүздүн тең оюбузга биринчи келгени ушул болду. Көрсө, балыктын териси да пайдаланылат экен. Тактап айтканда, скат аталган балыгынын терисинен акча салган кичинекей капчык, сумка жасарын билдик. Кызыгы, скат терисинен жасалган сумкалар отко күйбөйт экен.Сатуучу көзүбүзчө күйгүзүп далилдеди. Албетте, мындай баалуу буюмдун баасы да жогору экен. Бирок дүкөнгө фотоаппарат жана видиокамераны киргизүүгө тыюу салыныптыр.
Куала-Лумпурдун популярдуу дүкөндөрүнүн бири – шам менен сүрөт түшүрүлгөн жибектер дүкөнү. Мындай тапкычтыкка там берип бүтпөдүк. Кадимки эле шамды эритип, ысык кезинде жибекке куюп сүрөт тартат. Тартып бүткөндөн соң сүрөттү боёйт. Боёк кургагандан соң кайнак сууга салат. Кайнак сууга салгандын себеби сүрөттөгү шам кайнак суу менен жуулуп кетет да, боёгу жибекте кала берет. Баса, бул дүкөнгө кирген коноктордун ардактуу тизмеси бар экен. Тизмеде көп улуттун президенттери, анын ичинде Орусиянын экс-президенти В. Путин да жүрөт. Эми бул тизмеде “Супердин сулуусу-2” сынагынын жеңүүчүсүнүн ысымы да бар. Кытай, Индия кварталдары Куала-Лумпурда Кытай жана Индия кварталдары бар. Малайзияда малай калкынан сырткары Кытай, Пакистан, Индия жана башка өлкөлөрдүн өкүлдөрү жашайт. Кытай кварталы көчө бойлой тамактанчу ашканалардын саны арбын экени менен өзгөчөлөнөт. Экзотика деп кытайлардын бака менен жыланын жеп көрүүнү чечкенбиз. Бирок баары бир батына албай, баягы эле жеп көнгөн күрүч менен этке токтолдук. Индия кварталына кирген адам өзүн Малайзияда эмес, Индияда жүргөндөй сезет. Бул бөлүктөгү калк кадимки индиялыктардын улуттук кийими сари жана панджабдарды кийип жүрүшөт. Кытай кварталына караганда бул тарапта жылтыр-жултур сарилер, иймектер, шакектер сатыла турган дүкөндөр көп. Мындай кооздукту көрүп, индия кийимин сатып албай коюу мүмкүн эместей. Кенедейибизден индия кинолору менен чоңойгондуктанбы, айтор, сарилерди айланчыктап жатып, бирден сатып алып, дүкөндөн эле кийип алып мейманкананы көздөй жөнөп калдык.
Жайы-кышы дебей аптаптуу Куала-Лумпурга барган адамдын көз жоосун жаратылышы эле эмес, экзотикалуу жер-жемиштери да алат. Пай-пай, банан, кокос, дарбыз, коон, папайя, рамбутан, гуава, чику, ананас, манго, мангустин, деги койчу, аттарын да жаттай албай калат экенсиң. Дарбыздын даамы биздикиндей эле. Ал эми коондун эки түрү бар экен. Бири кадимки эле биздикиндей, бирок ширелүү эмес. Экинчиси кызгылт өңдө. Хан башкарган өлкө Малайзияны хан башкарат. Жалпысынан 13 штаттан жана 2 федералдык аймактан турган Малайзияда 9 султан бар. 9 султан 9 штатты, калган 4 штатты өкмөт башкарат. Ошондой эле ар бир 5 жыл сайын кезек-кезек менен султандар алмашып, хандык тактыга отурушат. Учурда Куала-Лумпурду султандардын эң жашы 58 жаштагы хан башкарат. Ал дагы 3 жылдан соң хандыкты кезеги келген султанга шайлоосуз эле өткөрүп берет. Ал эми хандын жеке жашоосу жана канча аялы бар экендиги карапайым элге жашыруун. Хандын резиденциясы 42 гектар жерди ээлейт. Ал эми үйүнүн кире беришинде 2 атчан жана 2 жөө жоокерден турган ардактуу кароол турат. Ошондой эле хандын эшик алдындагы кооз гүлдөрдү 15 күн сайын атайын өстүрүлүп келинген гүлдөргө түп тамыры менен алмаштырып турушарын угуп, “жашоо болбосоң коё кал!” деп тамшанып алдык.
Төртүнчү күнү Куала-Лумпурдан Лангкави аралына учтук. Учак менен бир жарым саатта жеттик. Асман тиреген имараттары менен баш айланткан Куала-Лумпурдан айырмаланып, бул арал туш тарабы токой менен курчалган, адамзатынын суук колу аралай элек кооз жер экен. Бул аралда да туристтердин агымы абдан көп. Лангкави аралынын жалпы калкынын саны 74 миң. Калкынын болгон тиричилиги туристтерди тейлөөгө багытталган. Кызыгы, бул аралда кичинекей кескелдириктер көчөдө, мейманканада эле бизде келемиштер менен таракандардай болуп, эл менен кошо жүрө беришет экен. Алгач мейманкананын коридорлорунда, короосунда, гүлбагында ээн-эркин булактап жүргөн кескелдириктерди көрүп чочуласак, акыркы күндөрү көнүп кеттик. Кыргыз сому лангкавиде Аралдын көчөлөрүн бойлой кийим, сувенир сатуучу дүкөндөр жайгашкан. Дүкөндөрдүн бирине кирсек, сатуучу отурган үстөлгө көп мамлекеттин акчаларын тизип коюшуптур. Үңүлө карап биздин он сом, бир сом жана кагаз элүү тыйыныбызды көрүп, тимеле энесин көргөн баладай кубанып алдык. Сатуучудан сураштырсак, кайсы мамлекеттин өкүлдөрү келбесин акчаларын сурап дүкөнүнө коллекция катары алып калат экен. Мындай салтты бузбай биз да 5 сомдуктан экини эстеликке калтырып кеттик. Улуттук Геопарк Бир күн кечке Лангкави аралынын Улуттук Геопаркында саякатта жүрдүк. Геопаркка атайын кайык менен барышат. Инд океанынын Андаман деңизинде жайгашкан бул парктын кооздугун сөз менен айтып жеткирүү мүмкүн эмес. Алгач паркта жайгашкан крокодил үңкүрүнө башбактык. Бул үңкүрдүн да өзүнчө кызыктуу санжырасы бар. Кыскача айтканда, илгери адамдар жок кезде бул үңкүрдө крокодилдер жашачу. Кийин адамдар бул үңкүргө кызыгып, крокодил көргөнү келе беришкендиктен жырткычтар тажап, суусу бар башка жактарга ооп кетишкен. Бирок бүгүнкү күндө деле крокодилдер байыркы мекенин эстеп келип, бул үңкүрдү байырлап калышат. Тилекке каршы, биз барган учурда үңкүрдө крокодил жок болуп чыкты. Крокодил көрбөсөк да, бул үңкүрдөн кадимкидей тизелер калтырап жатып чыктык. Бирок аздан соң жанагы титирегенибизди унутуп жарганаттар үңкүрүнө кирдик. Бийик тоонун ортосунда оюлган караңгы үңкүрдө жашаган жарганаттар караңгы киргенде гана сыртка чыгышат. Гиддин айтуусу менен бирден фонарь ала киргенбиз. Биринчи болуп мен колумдагы фонарды күйгүзүп, үңкүрдүн үстүн карай койсом... Кудай сакта! Төбөбүздө аскага буттары менен жабыша миңдеген жарганат турат. Жүрөктөр оозго кептеле үңкүрдөн качып чыктык. Эми сапарыбызды суу үстүндө жайгашкан ашканадан уладык. Ашканага биз тамактануу үчүн келген жокпуз. Бул жерде атайын балыктардын түрлөрүн көрүп, аларды биз көрүп жүргөн эле кадимки кичинекей боз балыктар менен түштөндүргөнү келдик. Балыктарды суу ичинде ар бирин өз-өзүнчө торчолор менен курчап коюшуптур. Айрым балыктарга жем бермек тургай, жакындагандан чочулайт экенсиң. Ошондой эле паркта жыландын түрлөрү көп кездешет. Алардын арасында уулуулары да бар. Лангкавинин символу – бүркүт Геопаркта бүркүттөргө көп кездештик. Көрсө, Лангкави аралынын символу дал ушул бүркүттөр экен. “Ланг” – “бүркүт”, “кави” – “майда таштар” деп которулат. Дал ушул бүркүттөрдүн атынан мына ушул арал Лангкави деп аталып калыптыр. Жунгли Геопарктагы аркан жана тактайчалар менен курулган жол жунглиге алпарат. Мында түрдүү маймылдар мангруфт аталган дарактарда секирип жүрө беришет экен. Ар кандай үндөрдү, дабыштарды угуп, кадимки эле коркунучтуу кинолор көз алдыңдан учат. Анан да көпүрө кыйчылдаган сайын акырын басканга аракет кылып жаттык. Инд океанында Геопарк Андаман деңизинен Инд океанына чыгып бараткан жерден бүтөт. Дал ушул жерде чоң асканын боорунан “Улуттук Геопарк” деген жазууну көрөсүң. Анан да Инд океанына чыгып баратканда ар кандай аралдарга туш болдук. Аралдар кичинекей, ар кандай формада экен. Биз чокойго жана коёнго окшош кичинекей аралдарды көрдүк. Чыныгы мухиттин суусуна да чөмүлө кетүүнү чечип, Инд океанынын жээгине келдик. Суусу жылуу, анан да аябай шор экен. Жээк бүтүндөй океандан сүрүлүп чыккан кооз ракушкалар, таштарга толгон. Пулау-Пайер аралы Таң атпай камданып, чоң кемеге чыгып Лангкавиден Пулау-Пайер аралына сапар тарттык. Бул арал чакандыгына карабастан, кучагына көптөгөн туристтерди батырат. Буга себеп Пулау-Пайердин жээгиндеги экзотикалык кооз балыктар. Аралга жеткен соң атайын көз айнек кийип алып сууга түшүп, сары, жашыл, боз, күрөң, көк, кызыл, кызгылтым, алтын жана башка түстөгү балыктар менен аралаш сүздүк. Мындагы балыктар туристтердин көптүгүнө карабай адамдардан чочулашпайт. Атүгүл айрымдары тайманбай келип тиштегенден кайра тартышпайт экен. Алардын тиштегенин ийне менен жасаган массажга салыштырса болчудай. Малайзиядагы эң узун жана бийик аркан жол Ошентип, эң узун жана эң бийик аркан жолго да жеттик. Бул аркан жол Малайзиянын рекорддор китебине киргизилген. Узундугу 919 метр. Аны менен көтөрүлүп отуруп тоонун чокусуна чыккан соң эки асканын чокуларын бириктирип турган 500 метр узундуктагы көпүрөгө туш болдук. Бул көпүрөдөн туруп көз салсаң, Лангкави аралы алаканга салгандай көрүнөт. Ошондой эле аралга жакын жайгашкан Таиланд мамлекетинин да бир чети көрүнөт. Акыркы көз ирмем Билинбей жылып отуруп кетүүчү күн да келди. Бул күндөр аралыгында Бишкектин чаңдуу көчөлөрүн кадимкидей сагына түшүптүрбүз. Ошентсе да миң түркүн кызыктарга, жылмаюуларга толгон бул өлкөнү таштап кете албай кыйылып турдук. Ошентип, өмүрдүн бактылуу көз ирмемдери катары эсте болсун деп Лангкавинин символу болгон сувенир бүркүттөрүн алып Куала-Лумпурга келдик. Андан Ташкентти көздөй сапар алдык. Андан ары бизди кадимки турмуш-тиричилиги менен өз мекенибиз, Бишкек шаарыбыз күтүп турган. Чинара: «Эс алуумду сөз менен жеткире албайм» – Жашоомдо көп сынактарга катышкам. Бирок “Супер-Инфонун” сулуулар конкурсунда жеңип чыгуу мен үчүн өзгөчө болду. Малайзияга жөнөөрдөн мурун бул мамлекет жөнүндө атайын маалыматтарды топтоп алган элем. Ал жактын калкы мага аябай жакты. Күнүгө ар кайсы жерге барып, түрдүү кызыктарга туш болуп, кыскасы, бир күнүбүз экинчисине окшошпой жатты. Малайзия мага аябагандай көп эмоцияларды тартуулады. Бул жактан кетип жатканда бир гана Куала-Лумпурда болобуз го деп ойлогом. Андыктан экзотикалык аралдардагы саякаттар, Инд океанынын суусуна түшкөнүм мага түшүмдө болгондой туюлууда. Бул күндөр өмүрүмдүн унутулгус көз ирмеми болду. Ошондой эле бул саякат келечекке болгон умтулуума чоң стимул болду. Ушундай мүмкүнчүлүк түзүп берген “Супер-Инфо” гезитине ыраазычылыгымды билдирем. Эс алуу учурунда...
Бактыгүл Абдыкадырова "Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн. Рейтинг:
![]() Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
|
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул макаланы окуду:
|