КРнын Башкы прокурору Аида Салянова ЖКда отчёт берип, Ош окуяларынын башкы күнөөкөрлөрүнүн бири болгон Кадыржан Батыровдун Швециядан расмий түрдө каттоодон өткөндүгү тууралуу материалдар келип түшкөнүн билдирди. Башкы прокурор: “Буга байланыштуу Башкы Прокуратура Батыровду экстрадициялоо боюнча Швецияга сунуш-талап жиберет”,- деди. Ал эми "Лондондо жүрөт" делген Максим Бакиев тууралуу “Учурда Кыргызстан менен Улуу Британиянын ортосунда эки тараптуу келишимдин жоктугунан Максим Бакиевди экстрадициялоо иши токтоп калды. Аталган өлкө Кыргызстанга меморандум түзүүнү сунуштап жатат. Эгер кабыл алынып калса, анда бул меморандум Максим Бакиевди берүү талабын коюуга укуктук база болот”,- дейт Аида айым. 2011-жылы 2 депутатка жана министрликтер менен мекемелердин жетекчилерине карата 14, ал эми аким, айыл өкмөт башчыларына 73 кылмыш иши козголгонун кошумчалады.
Максимдин эмне кереги бар эми? Башка Максимдер пайда болду. Айта кетсек ОРТ быйыл озбек тилинде да кабыл алынды. Бул дегени Максимдин ишинен да жаман нерсе. Хамелеондордун артын жалап, дагы да болсо духун которуп жатат. Эми 20 жылда эмес, 10 жылда чыгышат. Максимди куноолоп коет. Алдын ала чара коруш керек.
Ырысбек, Баяман болгондобу?
....