БИР БҮРКҮМ КАБАРЛАР...
№506 13-июль-19-июль, 2012-ж.
ЭЛ АРАЛЫК СТАНДАРТТАГЫ ТӨРӨТ ҮЙЛӨРҮ КУРУЛАТ...
-
11-июль күнү Жаштар жана эмгекке орноштуруу министрлиги тарабынан Бишкекте “БОШ ОРУНДАР ЖАРМАНКЕСИ” өтүп, 45 белгилүү компания 5000 кызмат ордун сунушташты.
-
Кыргызстан муфтийи ЧУБАК АЖЫ ЖАЛИЛОВ Меккеге ажылык сапарга аттануучуларга тамак жасап берүү үчүн ашпозчулардын да баруусун сунуштап жатат.
-
Акыркы бир айдын ичинде 94 МИЛЛИОН СОМДУК экономикалык кылмыш иши аныкталды.
-
Саламаттыкты сактоо департаменти билдиргендей, Кыргызстанда акыркы 6 АЙ ИЧИНДЕ төрөлгөндөрдүн саны 14 пайызга жогорулап, каза болгондор 9,4 пайызга кыскарган.
-
Бишкек шаарындагы “ОШ БАЗАРЫНЫН” айланасындагы жолдор кеңейтилип, жаңы соода түйүндөрү коюларын Иса Өмүркулов билдирди.
-
2012-2013-окуу жылына карата Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан ЖОЖдорго 5700 ГРАНТТЫК ОРУН бөлүнүп берилет.
-
Немис компанияларынын бири КЫРГЫЗСТАНДЫН ЖОЛДОРУН бетондолгон түрдө оңдоп берүүнү сунуштоодо. Компаниянын жетекчилигинин айтымында, асфальтталган жол 12-15 жылга гана чыдайт. Эгер бетон менен жасалса, 30 жылдан ашык чыдай алат.
-
Орто Азиянын ичинен Кыргызстан аялдардын жана жаңы төрөлгөн ЫМЫРКАЙЛАРДЫН ӨЛҮМҮ БОЮНЧА 1-орунда турарын БУУ билдирди.
-
12 АЛТЫН, КӨМҮР жана башка пайдалуу кен чыккан жерлер аукционго коюлууда.
-
Германия өнүктүрүү банкы Бишкек жана Ош шаарларында эл аралык стандартка жооп берген төрөт үйүн салып берүү үчүн 15 МИЛЛИОН ДОЛЛАР сарптаганы жатат.
-
СОГУШ ГРАНАТАСЫН сатууга аракеттенип жаткан 54 жаштагы Каракол шаарынын тургуну кармалды.
- ЛОНДОН ОЛИМПИАДАСЫНА өкмөт башчы Өмүрбек Бабанов баш болгон Кыргызстандын делегациясы барат. 14-беттеги Шаршен Касеновдун сөзүн тактайбыз: Орусиядан 2 машыктыруучу эмес, 2 спортчу чакырылып жатат.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг:
0
өкмөт башчы Өмүрбек
Бабанов баш болгон
Кыргызстандын делегациясы
барат.»
Спортчулар аз болсо да кемчиликти жашырып, делегация менен ордун басабыз. Ошондо биздин фаворит Бабанов. Алтын медаль тагынып келет, сатып алып !