Архив
1152   1153   1154   1155   1156   1157   1158   1159   1160   1161   1162   1163   1164   1165   1166   1167   1168   1169   1170   1171   1172   1173   1174   1175  
1100   1101   1102   1103   1104   1105   1106   1107   1108   1109   1110   1111   1112   1113   1114   1115   1116   1117   1118   1119   1120   1121   1122   1123   1124   1125   1126   1127   1128   1129   1130   1131   1132   1133   1134   1135   1136   1137   1138   1139   1140   1141   1142   1143   1144   1145   1146   1147   1148   1149   1150   1151  
1049   1050   1051   1052   1053   1054   1055   1056   1057   1058   1059   1060   1061   1062   1063   1064   1065   1066   1067   1068   1069   1070   1071   1072   1073   1074   1075   1076   1077   1078   1079   1080   1081   1082   1083   1084   1085   1086   1087   1088   1089   1090   1091   1092   1093   1094   1095   1096   1097   1098   1099  
997   998   999   1000   1001   1002   1003   1004   1005   1006   1007   1008   1009   1010   1011   1012   1013   1014   1015   1016   1017   1018   1019   1020   1021   1022   1023   1024   1025   1026   1027   1028   1029   1030   1031   1032   1033   1034   1035   1036   1037   1038   1039   1040   1041   1042   1043   1044   1045   1046   1047   1048  
944   945   946   947   948   949   950   951   952   953   954   955   956   957   958   959   960   961   962   963   964   965   966   967   968   969   970   971   972   973   974   975   976   977   978   979   980   981   982   983   984   985   986   987   988   989   990   991   992   993   994   995   996  
897   898   899   900   901   902   903   904   905   906   907   908   909   910   911   912   913   914   915   916   917   918   919   920   921   922   923   924   925   926   927   928   929   930   931   932   933   934   935   936   937   938   939   940   941   942   943  
844   845   846   847   848   849   850   851   852   853   854   855   856   857   858   859   860   861   862   863   864   865   866   867   868   869   870   871   872   873   874   875   876   877   878   879   880   881   882   883   884   885   886   887   888   889   890   891   892   893   894   895   896  
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828   829   830   831   832   833   834   835   836   837   838   839   840   841   842   843  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар

ШААР БАШЧЫСЫНЫН БИР КҮНҮ

№507 20-июль-26-июль, 2012-ж


“Чоңдор иштебейт, жарытпайт” деген түшүнүк акыркы 20 жыл ичинде кыргызга терең сиңип, жууса кеткис болуп баратат. Ушундай нааразычылыктар баш калаабыздын башчыларына дайыма айтылып келген. Учурдагы мэр Иса Өмүркуловдун дарегине деле байма-бай айтылууда. Андыктан шаар башчысынын жанында күнү кечке жүрүп, бир күндүк иш убактысын кандай өткөрөрүн билели деп чечтик. “Ушундай сунуштар менен келген бир дагы гезитке макулдугумду берчү эмес элем, силердин өтүнүчтү кабылдабай коё албадым” деп жатып макул болду.

Шаар мэри кечинде канчада жатканына карабай, таңкы саат 6да турат экен. Эртең менен 7:30да жумуш ордуна келди. Мэриянын башка кызматкерлери келгиче күндүн планын карап чыгып, алар келгенде тапшырма берип, иш күнүн баштады.

Мэрдин кабинетине кирген адамдын сыйлуу жайдан орун алган бир канча сувенирлерге көзү түшпөй койбойт. Арасында буддисттерге тиешелүүлөрү да турат. Ырым-жырымдарга ишенет го деп сурасак, “айрымдарын чет өлкөгө чыгып калганда алып келгем, айрымдары белекке келген” деп жооп берди. Ырым-жырым демекчи, эгер алдынан кара мышык өтүп кетсе, “күнүм ийгиликтүү өтөт” деп тамаша иретинде жоруп коёрун, кыргыздын айрым ырым-жырымдарын кармана турганын айтты.

“Шаарга көрк берүү үчүн гүлдөрдү отургузганыбыз баарына маалым. Аларды кээ бир тургундар түбү менен жулуп кетип жатышат. Алар – өз шаарын сыйлабаган адамдар”.

“Бир кезде “жашыл шаар” атагы бар Бишкектин эчен жылды карыткан эмен бактарынын куурап жаткандыгы кейитпей койбойт. Анын себеби ушул күнгө чейин так аныктала элек. Азыр окумуштууларды, туура диагноз коюучу адамдарды чакырып жатабыз”.

“Түштөнгөнү үйгө эле келем. Ал эми кечки тамакка үй-бүлөм менен толук курамда чогулабыз. Үйдө катаал эмесмин. Өзгөчө ушул столдун тегерегинде күлкү көп болот”.

Мэрияга шаар тургундарынан ар кандай доо арыздар түшөт. Айрымы, чынында, карала турган маселе болсо, кээде подъезддеринин алды булганып калганын айтып арыздангандар да болот. Бул иш күнүндө шаар тургундары менен эки жолугушуу пландалыптыр.

“Небере деген балаңдан да артык жан экен. Жумуштан келип аларды көргөндө кадимкидей эс алып калам. Учурда 6 неберем бар. Тамдын дубалдарына сүрөт тартып ойношот. Жубайым экөөбүз тентек кылып жатышса да уруша албайбыз. Биздин көзүбүз мындай болсо эле ата-энелери тарбиялап киришет. Азыр Ысык-Көлгө эс алганы кетишкен. Сагынып, улам минтип сүрөттөрүн карап коюп отурам”.


“АТТАРЫМДЫ ӨЗ БАЛДАРЫМДАЙ ЖАКШЫ КӨРӨМ”
Иса мырзанын бир ышкысы бар. Ал – жылкылар. «Чарчаганда, нервдер чыңалып чыкканда ат минип эс алам» дейт. Жылкыларынын бир тобу айылда болсо, күлүктөрүн Бишкекте кармайт. Жыл сайын жайлоого барып бээнин сүтүн ичип, ден соолугун чыңдайт экен.

– Канча жылдан бери жылкы кармап келе жатасыз?
– Бала чагымдан бери эле мал-жандын арасында өстүм. Өзүм сатып алып, багып баштаганыма жыйырма жылдай болду. Арасында сойгонго жана сатканга ылайыкталган жылкылар көп. Азыр англис породасындагы жүздөй күлүгүм бар. Алар деле менин балдарымдай. Баарына аяр мамиле жасайм.

– Күлүктөрүңүздү ат чабышка саласызбы?
– Ооба, жакында эле бир күлүгүм Чолпон-Атадагы байгеден 3-орунду алды. Чабышка даярдай турган ишеничтүү саяпкерим бар. Ал 15 жылдан бери күлүктөрүмдү таптайт. Саяпкеримдин артынан алдыңкы орундарды багынтып, 20-30дай унаа утуп алганбыз.

– Дайыма утушка ээ болуп жүрүп, утулуп калганда жинденесизби?
– Албетте, дайыма күлүк­төрүм жеңишке жетсе экен дейсиң. Бирок жеңилүү ызасын да тарта билиш керек. Андай утулуп калган учурлар деле болгон.

– Балдарыңыз атка, деги эле мал-жанга кызыгышабы?
– Улуу балам кызыгат. Малды союп, жиликтегенди жакшы билет. Кичүү балам кичинекей кезинде кызыкчу. Бир күнү сарайга алып келип атка мингизип койсок, ал мөңкүп кетип кулап түшкөн. Андан кийин такыр жолобой жүрүп, чоңойгондо гана ат мине баштады.


“МЕН КЕЛГЕНДЕН БЕРИ ЖЕР БАСЫП АЛУУ БОЛГОН ЖОК”

– Иса Шейшенкулович, сиз менен күнү кечке жүрүп, иш күнүңүзгө күбө болдук. Шаар үчүн кандай салым кошуп жатам деп ойлойсуз?
– Мэрден шаар тургундары, эң биринчиден, тегиз жол менен тазалыкты талап кылат. “Тазалыктын” кандай иштеп жатканын өзүңөр көрүп жатасыңар. Эртең менен көчөлөрдү шыпырып, жыйнап кетет. Бирок арабызда жүргөндөр эле кайра чачып салышат.
Жол маселесине токтоло турган болсок, баарыңарга белгилүү – экономикабыздын акыбалы начар. Жакында Түркия 35 миллион доллар кредит бөлүп берди. Ал акчага жолдорду оңдоп баштадык. Оңдоо иштери да бир күндүн ичинде бүтүп калбайт, убакыт керек. Ошондой эле мэр болуп шайланганымдан бери Бишкекте бир да чарчы метр жерди басып алуу деген боло элек.

– Эгемендүүлүктөн берки убакытты алсак, көпчүлүк шаар башчысынын артынан ыраазы кептер калган жок. Баарын «жеди-ичти» дешет. Айрымдары минтип камакка да алынып жатышат. Ушундай ойлор сиздин тынчыңызды албайбы?
– Мэр болуп дайындалгандан бери ушул ой менен жашап келем. Кайсы адам эле артында жаман сөз калуусун кааласын? Кийин адамдар Бишкекти аралап жүргөндө «ушуну Өмүркулов жасады эле» дегендей жакшы из калтыргым келет. Балдарым, неберелерим да Өмүркулов деген фамилияны сыймыктануу менен алып жүрүүсүн тилейм.

– Борбор калаабыздын тарыхындагы мэрлердин кимисиндей болгуңуз келет?
– Ушул убакытка чейин канчалаган мэрлер тарыхта калды. Алардын арасында 50-60-жылдардагы мэрлердин ишин аябай баалайм. Чындыгында, ошол мезгилдеги мэрлер борбор калаабыз үчүн жан күйдүрө иштеп, заводдорду куруп, миңдеген чарчы метр аянттарда курулуш иштерин жүргүзүшкөн. Өзгөчө Сүйүндүк Юсупов, Ава Такырбашов, Абдразак Макенов, Октябрь Медеров, Апсамат Масалиев сыяктуу мэрлердин кылган иштери жагат.

Жумуш убактысы таңкы 7:30дан башталып, түнгө чейин созулган мэрдин бир күндүк иши мындай көрүнүштөр менен гана чектелбейт. «Кээде түштөнгөнгө да убакыт таппай калам» дейт. Шаардын чарба иштеринен сырткары өкмөттүн чогулушу, атайын сүйлөшүүлөр көп убактысын алат. Ал эми баш калаада майрам, ар кандай иш-чаралар өтүүчү күндөрдө дем алышсыз иштеп, кызматкерлердин бардыгын ишемби-жекшембисине карабай жумушка чыгарам дейт.

Айдай Асанбекова
politika@super.kg



Шаар башчысынын бир күнү

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  3 
Комментарийлер(50)
SUPER.KG видео
21.07.2012. 11:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Алмазбек Атамбаев,Омурбек Бабанов ду да тартып келсениздер.
SUPER.KG видео
21.07.2012. 15:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
И.Омуркулов айылдан келгендерди маданияттуу болууга тарбиялаш керек дейт. Менин оюмча жалпы олконун денгээлинде элди маданияттуу болууга ундоо учун, атаыйн тарбия иштери боюнча улуттук программа кабыл алып, аны жузого ашыруу керек. Ошол программанын алкагында, Бишкек шаарында дагы тарбия боюнча иштер журушу керек, озгочо жаштарга конул буруу керек. Мамлекет болгондон кийин, мамлекеттик денгээлде иш алпаруу керекда.
SUPER.KG видео
21.07.2012. 22:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
жакшы аркеттер жургузулуудо экен ошону шаар жашоочулары колдоп тазалыкты сактаса баары жакшы болот.ал эми супер инфо алып баруучуларына айтаарым жакшы идеаларынар бар бирок создору эч угулбай калган ошол кемчилик дайыма корунуп турат репортаждарда ошого сиздер конул бурсанар деп айтат элем
SUPER.KG видео
21.07.2012. 23:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Azzamatsyz aman bolunuz kudaiym tilegeninizdi bersin
SUPER.KG видео
22.07.2012. 03:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
10:19 дан кийин корсотпой жатат
SUPER.KG видео
22.07.2012. 21:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
"Ош базар"мэр го биздин
SUPER.KG видео
22.07.2012. 23:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Урматту Элим Тазалыкты сактап Кыргызстаныбыздын коркун ачалычы! мен Бир адамадан уктум, силер кыргыздар Кыргызстан 2-Швейцария деп мактанасынар бирок, ошондой болсо анда Мусорная Швейцария деп атай алам деп...мен ал киши менен спорить этип урушуп да кеттим...бирок создорундо чындык...окунучтууу...
SUPER.KG видео
23.07.2012. 09:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ех иса омуркулов айылдын балдарына садага болбочу андан коро елдин акчасын жегенден корсон болот бийликке келгенден бери не жумуш кылдын бишкектин кай жерин ондоп гулдодуп жибердин озуно окшоп езилип бузулуп кулап жатат кичине болсода елди ойлогула кудайдан коркуп койсонор болот баарын еле кылдым дедим дейсинер иш жузундо 1% жок уялгыла ел силерге ишенип отурат
SUPER.KG видео
23.07.2012. 09:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ат корбогон чаап олтурот кыз корбогон !!!!!! олтурот деген ушудаааа
SUPER.KG видео
23.07.2012. 09:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
акыр ети бахаыйр болсун исаке сенда сурак берип журбогун кийин
23.07.2012. 10:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
100go jakin ati bar beken?1kuluk ortocho 50min som bolso,100kuluk 5000000bolot...bul rasmiy maalimat,jakwii...bekerge mer bolbogon!merlikke tattiktuu emes,Kilmiwkerdin atasi merlikten ketiwi kerek!
25.07.2012. 21:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
aote, ооба бирок, азыр 50 минге эч ким күлүк бербейт!
23.07.2012. 10:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
иш кунун сурап жазышса атарын айтканы кандай эмне пландары ошону айтпайбы
23.07.2012. 10:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
biz2, эс алганда ат минем деп жатпайбы.
23.07.2012. 10:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
анын канча аты бар экенинин бизге эмне кызы бар и канча турушу
23.07.2012. 10:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кызыгы
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: