Өткөн 8 айдын жыйынтыгына карата “Түндүк электр” ишканасынын абоненттеринин электр энергиясына болгон жалпы карызы 315,2 миллион сомду түздү. Аталган ишкананын маалымат кызматы кабарлагандай, быйыл жалпы карыз төмөндөгөн. Бүгүнкү күндө “Түндүк электрге” бюджеттик мекемелердин карызы 47,8 миллион сом. Өнөр жай ишканаларыныкы – 20,6 миллион, башка пайдалануучулардыкы – 70,4 миллион, айыл чарба ишканаларыныкы – 4,3 миллион, ал эми калктын карызы 172 миллион сомго жеткен. Ишкана белгилегендей, жыл башынан бери калктын карызы 3,3 миллион сомго же 16 пайызга азайды. Бюджеттик мекемелердин карызы 9 миллион сомго азайып, 16 пайызды түздү.
Ал эми айыл чарба ишканаларынын карызы 650 миң сомго азайып, 13 пайызды түзсө, өнөр жайчылардыкы 830 миңге азайып, 4 пайызды түздү. Башка пайдалануучулар карызын 920 миң сомго же 1,3 пайызга кыскартышкан.