– Күйөөм менен жашабай калганыма эки жылдан ашты. Ортодо эки балабыз бар. Экөө тең мени менен жашачу. Алты ай мурун мыйзамдуу түрдө сот аркылуу ажырашканбыз. Кичүү уулум мени менен, ал эми улуусу атасынын колуна кеткен. Улуу баламдын начар багылып, тескери тарбия көрүп жатканын көрүп, кайра колума алайын дегем. Бирок күйөөм мага “сен баладан баш тарткансың, мына, колуң турат бул жерде” деп бир документ көрсөттү. Көрсө, мен орус тилин түшүнбөгөндүгүмдөн сот учурунда “баламдан баш тартам” деп кол коюп берип коюптурмун. Эми кайра кантип уулумду колума алам?
Калипа, Бишкек.
СУРООГО “АБДРАХМАНОВ И КО” ЮРИДИКАЛЫК ФИРМАСЫНЫН ЮРИСТИ
НАЗИРА АБДЫРАКМАНОВА ЖООП БЕРЕТ:
– Балаңызды кайтарып алууга толук мүмкүнчүлүгүңүз бар. Биринчиден, ал үчүн далилдөөчү документтерди толук чогултуп, сотко доо арызы менен кайрылышыңыз керек. Экинчиден, ЖПКга ылайык, эгерде тараптардын бирөөсү орус тилин түшүнбөсө, анда котормочуну соттук процесске катыштырууга тийиш эле.
Салтанат Мукасова
kenesh@super.kg
Жооп алып бергенге аракет кылабыз.