АБА КАТТАМ АРЗАНДАЙТ...
№538 22-28-февраль, 2013-ж
Чаткал районунда 10 МИҢ адамга 7 дарыгер туура келерин Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.
- Кыргызстанда 150дөн ашык мектеп АВАРИЯЛЫК абалда экенин Билим берүү жана илим министринин орун басары Догдургүл Кендирбаева айтты.
- 1-марттан баштап Кыргызстандын ичиндеги аба каттамдары үчүн билет баасы АРЗАНДАЙТ. Бул тууралуу КРнын Транспорт жана коммуникация министрлиги кабарлайт.
- Кыргызстан аймагында быйыл 129 КООПТУУ метеорологиялык кубулуштар болушу мүмкүн.
- Былтыр Кыргызстанда 146 595 ЭНЕ көз жарган.
- Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдиргендей, былтыр өлкөдө 23 323 ҮЙ КУРУЛГАН.
- Бир жылда «Тез жардам» кызматы 273 унаа менен 670 000 жаранга жардам көрсөтөт.
- Кыргызстандын аймагында 92 УУЛУУ заттарды сактоочу жай бар.
- Учурда ID КАРТА үлгүсүндөгү паспорттун баасы 190 сомду түзөт.
- Кыргызстанда 76 ПАЙЫЗ калк медициналык жактан камсыз болгонун Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду маалымдады.
- Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, Бишкекте 1000 кишиге 162 унаа, Кыргызстан боюнча 68 унаа туура келет.
- «Кумтөр» 16 жылдын ичинде 82 ТОННА күмүш өндүргөн.
- 20-февралда ИИМдин, УКМКнын, Мамлекеттик мүлк фондунун сайттары кибердик чабуулга кабылып, ага өздөрүн «Clone-Security» деп атаган ӨЗБЕКСТАНДЫН ХАКЕРЛЕР тобу байланыштарын калтырган.
- Депутат Ахматбек Келдибеков өлкөбүздө бүгүнкү күндө 9053 ТОННА алтын кени бар деген маалыматты айтты.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг:
0