
23-сентябрь күнү Улуттук филармонияда Мамлекеттик тил күнүнө карата төкмө акындардын айтыш сынагы болуп өттү. Президенттин байгесине ат салышчу сынакка жалпысынан 29 төкмө катышып, анын 10у финалга жолдомо алышкан. Кызыл тил төкмө акындар иргелип отуруп, 3-орунду Амантай Кутманалиев (50 миң сом), 2-орунду Азамат Болгонбаев (70 миң сом), баш байгени болсо жаш төкмө Болотбек Назаров (100 000 сом) багындырышты. Кызыгы, бирдей упай чогултуп, 1-орунга ат салышып баштаганда Азамат атаандашы Болотбекке:
«Жетигендей жаркыган асмандагы,
Жети облус уу-дуу, жана бергин.
Бата сура элиңден, алакан жай,
Баш байгесин айтыштын сага бердим»,-
деп жол бошотуп берди. Албетте, өсө турган бала деп, жаштарга жол бошоткон Азаматтын бул жоругун көпчүлүк кубатташты, сыймыктанышты. Бул тууралуу төкмө акын: «Президенттин байгеси көп жылдан бери өткөрүлбөй калган эле. Быйыл тил комиссиясы бул ишти колго алып, сынак мыкты деңгээлде өттү. Болот деген инибиз баш байгени алды. Буюрса, бул бала кыргыздын чоң акыны, асылы болуп берет»,- деп кубанды.
star@super.kg
Саламатсызбы! Ката түзөтүлдү, рахмат!