
Ким премьер болуп, өкмөттү жетектейт? Азыр күн тартибинде ушул суроо турат. Super.kg порталынын колдонуучулары да «Кимдин премьер болушун каалайсыз?» деген суроонун тегерегинде ой-пикирлерин билдиришүүдө. Порталда жүргүзүлгөн сурамжылоонун жыйынтыгы добуш бергендердин 36 пайызы Оштун экс-мэри Мелис Мырзакматовду премьер катары көргүсү келерин көрсөттү. Өкмөттү жетектөө мүмкүнчүлүгүнө буга чейин да ээ болуп көргөн «Республиканын» лидери Өмүрбек Бабанов 15,9 пайыздык добушка арзып, Мырзакматовдон кийинки тепкичке көтөрүлдү.
Алгач учурдагы бийликке таарынып, жер-жерлерде нааразычылык акцияларына чыгып, кийинчерээк бийлик менен тил табышып, Түркиядан кызмат ордун алган Адахан Мадумаровго порталдын колдонуучулары 11,4 пайыздык добуш беришти.
Мындай үчилтиктен кийинки орунду «сурамжылоодо көрсөтүлгөн адамдардан башка адам келишин каалайм» деген жооп ээледи. Учурда келерки премьер катары көп айтылып жаткан Жоомарт Оторбаев порталдын колдонуучулары тарабынан 5,4 пайыздык добушка ээ болуп, 5-баскычты багынтууда. Бул чиновниктен кийинки орундарды 4,6 пайыздык бирдей добуш менен Аалы Карашев жана Камчыбек Ташиев ээлеп турат. «Ата Мекендин» лидери Өмүрбек Текебаевди сурамжылоого катышкандардын 3,9 пайызы өкмөт башчы катары көргүсү келет экен. 2 пайыздан ашыгыраак добуштарды КСДП фракциясынын башчысы Чыныбай Турсунбеков менен депутат Равшан Жээнбеков алышса, Темир Сариев 1,2 пайыз добушка ээ болду. 1 пайызга жетпеген колдонуучулардын колдоосуна Асылбек Жээнбеков, Токон Мамытов, Феликс Кулов, Тайырбек Сарпашев ээ болуп, акыркы орунду учурдагы Бишкек мэри Кубанычбек Кулматов ээледи.
Ширин Турдакунова
politika@super.kg
Кана эми баары ошентип, Кыргызстан меники деп! Башка олколорго коз каранды кылбай онуктурушсо!
Колдойм. Бул киши чынында иштей турган адам. Кыргыздар онугуп келаткандарга бут тоскондон башкага жарабайбыз. Кана эми ушул сапатты, чек арабызды бузуп кирип келаткан кошуна олколорго колдонсок...
)))) эми биздикилер ар бир создон кычык таап, тескери жагын биринчи айтып турушу керек да. Эгер позитивдуу тушунсок, жашообуз да позитивдуу жакка озгормок. Азыр бир нерсе деп суйлоштон деле корком...
Баш тамгалар грамматика эрежесине ылайык гана колдонулушу керек!