Борончу Кудайбергенов менен Чубак ажынын ортосунда пикир келишпестик чыгып, ага бир нече адам аралашыптыр.Чубак ажынын тарапташтары куудулду жок кылабыз деп да чыгышканын Борончу Кудайбергенов айтып өттү.
Мындай окуя эмнеден улам чыгып, кандайча от алганын куудул мындайча баяндайт.
“Мындан бир жыл мурда Чубак ажы менен президентти туураган сатирабыз жарык көргөн. Анда 3 журналист "Көзү ачыктардын алдын ала айткандары туурабы? Ата-эне балдарын отурушка жибериш керекпи?" деген суроолорду бергенбиз. Кимдир бирөө ошол сатиранын монтаждалганын интернетке чыгарып жибериптир.
Муну көргөн ажы өзүнүн интернет баракчасына “Куудулдар көптөн бери исламды шылдыңдап келишет, ушундай тамашасы менен исламдан чыгарын билишсин. Каапырларга жаназа окулбайт” деген сыяктуу оюн жазган. Тамаша экенин, монтаждалып мааниси өзгөрүп кеткенин түшүндүрөйүн деп Чубак ажыга телефон чалсам албайт, анан СМС жазгам. Интернет баракчасына “менден кечирим сурабасын, Алладан сурасын” деп жазыптыр. Биз ал кишини тамашаласак түшүнөт деп ойлогонбуз, анткени ал өзү деле элдин суроолоруна тамаша кошуп жооп берчү эле. Көзү ачыктардын кылганы туура эмес, адамдын тагдырын бир гана Кудай билет деген ойду айткыбыз келген” дейт бушайман болгон куудул.
star@super.kg
Куудулдар чычалаганчаар тамашалашса керек
Еркек 4 аял алыш керек,18ден кииин сакалчан журуш керек, конок келсе аялзаты аралашбаш керек, Ысык-колдо келин-кыздар купалникчен тушпош керек (только водолазка).. Билбеим егер биз онуккон, тен укуктуу, цивил мамлекетинде жашаибыз десек.. ушу талаптарга туралабызбы?
Жеке айтышууларга жол берилбейт. Дагы кайталанса сайттан четтетилесиз!
Сайттын же гезиттин ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-пикирлер info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерге жазылып жөнөтүлүшү керек.