БИР БҮРКҮМ
№624 17-октябрь-23-октябрь, 2014-ж
Орусиянын Новосибирск шаарында бажы кызматкерлери тарабынан Кыргызстандан барган «CHANEL» бренди чапталган 60 миң даана жасалма сумкалардын партиясы тартылып алынды.
- Кыргызстанда быйылкы жылдын 9 айынын ичинде өрт КЫРСЫГЫНАН 59 киши, анын ичинде 3 жаш бала каза болду.
- Бишкек ШИИББинин жетекчиси болуп КАШКАР ЖУНУШАЛИЕВ дайындалды.
- Медициналык илимдердин кандидаты Асел Боржубаеванын айтымында, өлкөдө 30 жаштан өткөн адамдардын 14 пайызынын өлүмү ТАМЕКИ ТАРТУУГА байланыштуу.
- Өлкөдө 8 ай ичинде 923 наристе АСЫРООГО алынып, жыл башынан бери 12 кыргызстандык жаш баланы чет өлкөлүктөр багып алды.
- Бишкектин мэри КУБАНЫЧБЕК КУЛМАТОВ: «2014-жылдын 9 айы ичинде шаар ичинде 8 миңге жакын жолбун жаныбарлар кармалып жана атылган»,- деп айтты.

- Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясы квотасындагы Саламаттыкты сактоо министрлигине акыркы 20 жылдан бери Түркияда иштеп келе жаткан кардиолог ТАЛАНТБЕК БАТЫРАЛИЕВДИН талапкерлигин көрсөтмөй болууда.

- Бишкек шаарынын Токтогул көчөсүн оңдоодо 91 ДАРАК КЫЙЫЛДЫ.
Наргиза Бекжанова,
Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг:
0