БИР БҮРКҮМ
№656 29-май-4-июнь, 2015-ж
-

Май айынын башынан бери Баткен облусунда 3 кыз
ӨЗ ӨМҮРҮНӨ КОЛ салды. Бул тууралуу Баткен ОИИБинин ага инспектору Алтынбек Эрдикулов маалымдады.
-
АДАХАН МАДУМАРОВ Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеӊешинин башкы катчысынын орун басарлыгынан кетти. Ал бул чечимин парламенттик шайлоого катыша тургандыгы менен түшүндүрдү.
-
Депутаттар өкмөткө электр энергиясынын 1 киловатт-саатын орточо баа менен 85 ТЫЙЫНДАН сатууну сунушташты. «Биздин өлкөдө башка мамлекеттерге салыштырмалуу электр энергиясы арзан. Бирок тарифти калктын айлык маянасына жараша өзгөртүү туура»,- дешти алар.
-
«Кыргызстанда бир эле «мыйзамдагы ууру» бар, ал – КАМЧЫ КӨЛБАЕВ. 4-5 «мыйзамдагы ууру» бар деген маалымат ушак»,- деди Жогорку Кеӊештин комитеттик жыйынында ИИМдин башчысы Мелис Турганбаев.
-
Орусияда чет жердик жарандардын улуттук АЙДООЧУЛУК КҮБӨЛҮКТӨРҮН дагы 2 жылга, 2017-жылдын 1-июнуна чейин колдонуусуна уруксат берилди.
-
Бишкекте 1916-жылкы окуяда каза тапкандарга эстелик орнотулат. ҮРКҮНДҮН 100 жылдыгын өткөрүү боюнча жарлыкка кол койгон президент Алмазбек Атамбаев өз фондунан 10 миллион сом бөлүп берди.
-
Журналист СЫРГАК АБДЫЛДАЕВДИН өмүрүнө кол салуу боюнча кылмыш иши сотко жөнөтүлдү. Айып тагылгандардын сап башында Жаныш Бакиев жана башка укук коргоо органдарынын өкүлдөрү бар.
Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг:
1