МИРБЕК ЖАКЫНДА АТА БОЛОТ
№656 29-май-4-июнь, 2015-ж
Ырчы Мирбек Атабеков ата болуу алдында турат. Тактап айтканда, жубайы Мээрим кош бойлуу. Бишкекте «Рэкетир-2» тасмасынын жабык эшик артында өткөн көрсөтүүсүнө Мээрим кенен көйнөк кийип келгенин байкаган элек. Божомолубузду ырчынын чөйрөсүндөгүлөр да тастыкташты. Буюрса, жакында ырчынын үйүндө наристе үнү жаӊырып, «бешик бооӊуз бек болсун!» деп айтчу күн да алыс эмес экен. Эми ырчынын репертуарынан бала жөнүндөгү жанга жагымдуу ырларды байма-бай угуп калабыз.
star@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг:
14
Аракет кылабыз.
Озуно оп - окшош болбосо Мээрим сени куйормандарчалык суйбогону билинип калат. Андыктан Мээрим куйоонду жанындан артык кор, кыз болобу, уул болобу Мирбекке окшосун, суйуундун чындыгын билгизген болосун.Ар кандай убакта Мирбекти колдоп, кубаттап, демине дем, ырларына музыка, журогуно илхом келтирген жубай бол.
Туболуктуу бактылуу болгула!!!
Күбөбүз көрүп ар жерден.
Күйөөсү болот күнөөлү.
Аялы жеңет ал жерден.
Аялы:
Алганча жаным алтыным.
Алган соң болду катыным.
Баягы жакшы сөздөрүң.
Кайжака кетти жакыным?
Күйөөсү:
Тийгенче мени сүйөм деп.
Тийген соң болду күйөөм деп.
Тилимди укпай какшатып.
Туфли бийик кием деп.
Казды туурап карганын.
Буту сынат каралдым.
Оюндагысын кылат орусуң.
Жүзү курсун алардын.
Аялы:
Аңгыл дөнгүл жер жаман.
Асфальт кылбас мэр жаман.
Акчасын аяп аялдан.
Жмоттонгон эр жаман.
Күйөөсү:
Кыздын көөнү кызылда.
Күз келселе ушулда.
Көмүрдүн акчасына көйнөк алып алсаң.
Тоңуп өлөлүбү кышында?
Аялы:
Жаманды кудай неге албайт.
Жаткан төөгө мине албайт.
Аядын көркү чүпөрөк.
Акмак эрим ошону биле албайт.
Күйөөсү:
Аялым боорду эзет да.
Айсулуу өзүн сезет да.
Үстүнө клем жапсаң да.
Баары бир эшек, эшек да.
Аялы:
Өзүнүкү билинбейт.
Өгүздүкү салаңдайт.
Өзгөгө күлкү кылып.
Өмүрдө кээбир эркектер.
Өз аялын жамандайт.
Чогуу:
Ийдиш аяк кагышат
Урушушат чабышат.
Эрди катын болгон соң.
Экөө кайра табышат!!!
Автор: Алтынбек Эгембердиев.
Тел: 0776337212.