БИР БҮРКҮМ
№669 28-август-3-сентябрь, 2015-ж
-

Булбул үндүү ди-джей
Назира Кадыева ди-джейликтен кетти.
«Чыгармачылыкта изденүү, өсүү болуш керек, үнүмдү тааныган кыргыз элиме жүзүмдү да тааныткым келет» деген Назира музыкалык билим алуу менен бирге бир чоӊ теледолбоорду ишке ашыруунун алдында турат.
-
Фольклор ырчысы Дилшат Кангелдиева жеке музыкалык мектебин ачты.
-
3-сентябрдан баштап Бишкекте боз үй жасаган чеберлерди даӊазалоо жана боз үйлөрдүн каталогун басып чыгаруу максатында КЫРГЫЗ БОЗ ҮЙҮНҮН жумалыгы өтөт.
-
Композитор Каныкей Эралиева сентябрь айынын башында жеке концертин берүүгө камынууда.
-
Эгемендүүлүктүн 24 жылдыгына арналган КИТЕП-СҮРӨТ КӨРГӨЗМӨСҮ ачылды.
-
Бактияр Токторов Сокулуктагы эки кабаттуу жаӊы үйүнө көчүп кирди.
-
Япондук ырчы Мита Рё «Кыргыз кызы сүйгөнүм» деген кыргызча ыр жаздырып, ага аниме форматында клип тарттырды.
-
Көптөн бери көрүнбөй калган ырчы Амир Аскаров чыгармачылыкка катуу киришип, ыр жаздырып, клип тарттырып баштады.
-
Режиссёр Элнура Осмоналиеванын «Сейде» аттуу кыска метраждуу тасмасы 72-Венеция кинофестивалынын «Горизонты» номинациясына ат салышууда.
-

Кыргыз Эл артисти, оператор жана режиссёр
Кадыржан Кыдыралиев 79 жаш курагында дүйнө салды. Ал «Уркуя», «Жамиля», «Улан», «Мен Тянь-Шань», «Көк серек» фильмдерин тарткан. Таланттын үй-бүлөсүнө, жакындарына көӊүл айтабыз.
star@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг:
-1