
Жакында эле «Бишкектин ардактуу атуулу» наамын алган мекендешибиз, «Город 312» тобунун солисти
Светлана Назаренко орусиялыктардын Биринчи каналында жүрүп жаткан «Точь-в-точь» теледолбоорунун 3-сезонунда 3-орунга ээ болду. Айта кетсек, аталган теледолбоор 2013-жылдан бери көрсөтүлүп келет. Анда катышуучулар атактуу ырчыларды дал өзүндөй кылып туурап ырдашат.
Ая деген лакап ат менен жүргөн мекендешибиз Светлана Назаренко Жаӊы жыл алдында интернеттеги баракчасынан кыргызстандык мекендештерин өзү үчүн добуш берүүгө чакырган эле. Бул арада телеберүүнүн жеӊүүчүсү
Максим Галкиндин жеӊишин айрымдар
«алдын ала чечилген чечим, Галкин «мени аталган долбоордон жеӊүүчү кылсаӊар гана Россия-1 телеканалынан Биринчи каналга кайтып келем» деген шарт менен катышкан» дешүүдө.
Солдо Cветлана Назаренко ырчы Азизанын образында.
star@super.kg