БИР БҮРКҮМ
№690 22-январь-28-январь, 2016-ж
-

«Таалай элеси» тобунун ырчысы
ТОТОМИДИН ЖОЛДОШЕВ «Кыз куумай»,
ТҮМӨНБАЙ КОЛДОШОВ «Күн батканын койсочу» аттуу жаӊы ырларды жаздырышты.
-
МЭЭРИМ КАРЫПОВА «Бешик эне», КЕНЖЕ ДҮЙШЕЕВА «Ош шаарым» деген ырларына клип тарттырышууда.
-
АЙПЕРИ КУЛБАЕВА «Сага гана» аттуу ыр жаздырып, жазында болчу концертине даярданууда.
-

Акын
ШАЙЛООБЕК ДҮЙШЕЕВ экинчи даражадагы «Манас» ордени, ал эми режиссёр
САДЫК ШЕР-НИЯЗ «Даӊк» медалы менен президент тарабынан сыйланышты.
-
Кыл кыякчы ЗАЛИНА КАСЫМОВА жеткинчектерге комуз, кыл кыяктан сабак бере баштады.
-

Актёр
АДИЛЕТ УСУБАЛИЕВ карьерасын улантуу үчүн Кыргыз улуттук консерваториясындагы окуусун токтотуп,
АРСЕН ӨМҮРАЛИЕВ атындагы Бишкек шаардык драма театрына жумушка орношту.
-
«АЗИЯ МИКС» командасы «КиВиН-2016» гала концертине катышмакчы.
-
Актёр КАМЧЫ САРЫБАЕВ үй-бүлөсү менен Дубайга эс алууга барууга камынууда.
-
«ЭлFM» элдик радиосу Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынан «Элдик таланттарды» издейт. Сиз комузда, аккордеондо же гитарада мыкты ойноп, кубулжута ырдай аласызбы? Анда «ЭлFM» менен байланышыӊыз! Байланыш телефону: 03222 2 74 81
star@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг:
0