БИР БҮРКҮМ
№728 14-октябрь-20-октябрь, 2016-ж
-

КСДПнын депутаты Кыянбек Сатыбалдиевдин ордуна
ИРИНА КАРАМУШКИНА мандат алды. 5-октябрда Сатыбалдиев өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлү болуп дайындалган болчу.
-
Кыргызстан АЛТЫНДЫН ЗАПАСЫ БОЮНЧА 100 өлкөнүн ичинен 83-орунга ээ болду. Рейтингди Эл аралык эксперттик уюм чыгарган.
-
Мамлекеттик ишмер ИСХАК РАЗЗАКОВГО "Кыргыз Республикасынын Баатыры" наамы жана "Ак шумкар" төш белгиси берилди. Сыйлыкты кызы Элмира Раззакова алып, үй музейге өткөрдү.
-
Бишкекте 14-октябрдан тарта үйлөрдү ЖЫЛЫТУУ башталат. Былтыр жылытуу сезону 20-октябрда башталган.
-
"Save the Children" ("Балдарды коргоо") уюмунун маалымдашынча, 18 ЖАШКА ЧЫГА ЭЛЕК кыздардын турмуш куруусу боюнча Кыргызстан 144 өлкөнүн ичинен 59-орунда турат. Казакстан 30-орунда.
-
Улуттук банктын маалыматына караганда, ушул жылдын январь-август айларында МИГРАНТТАР Кыргыз мамлекетине 1 миллион 260 миң доллар которушту. Бул көрсөткүч былтыркыдан 143,6 миң долларга көп.
-
Дүйнөлүк экономикалык форумдун маалыматы боюнча, Кыргызстан КООПСУЗ 141 өлкөнүн ичинен 97-орунду ээлеген.
-
Депутат ЖАНАР АКАЕВ педагогикалык адистиктерде окуп жаткан студенттердин стипендиясын 2 эсе көтөрүүнү сунуштады. Муну ишке ашыруу үчүн бюджеттен
31 миллион сом кошумча каражат керек болот.
Бектур Токтоноев
politika@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг:
0