БИР БҮРКҮМ
№728 14-октябрь-20-октябрь, 2016-ж
Ырчы ГҮЛНАРА КАЛДАРОВА менен АЙЖАМАЛ КАБЫЛОВА биргеликте ноябрь айынын башында концерт беришет.
- Түрк дүйнөсүнүн даректүү тасмалар фестивалында "КӨЧ" тасмасы баш байгени жеңип алды.
- Ырчы АЙЧҮРӨК ИМАНАЛИЕВА "Кыз бала" деген ырына клип тарттырууда.
- Тамашоучу ЭМИЛ ЭСЕНАЛИЕВ казак элинин "35-штурмовая" аттуу боевик жанрындагы тасмасында роль жаратат.
- КУНДУЗ КАНАТБЕК КЫЗЫ менен АСЕЛ КАДЫРБЕКОВА "Самап келем" деген аталыштагы дуэт жаздырышып, клип тарттыруу алдында турушат.
- Обончу АЛТЫМЫШ КАДЫРОВДУН уулдары Талант менен Самат түзгөн "60 К" тобу эсиңизде болсо керек? Ошол жигиттердин бири Талант Кадыров кайрадан сахнага кайтты.
- Ырчы КАЙРАТ ПРИМБЕРДИЕВДИН жубайы ЭЛЬВИРА ПРИМБЕРДИЕВА кыргыз эстрадасын багынтам деп чыгармачылыкка киришип, ырдап чыгуунун алдында турат.
- Режиссёр БАКЫТ МУКУЛ менен ДАСТАН ЖАПАР УУЛУНУН "Ата керээзи" тасмасы "Оскар" сыйлыгынын тизмесине кирди. Кыргыз тасмасы "Жылдын мыкты чет элдик фильми" номинациясы боюнча ат салышмакчы.
- ЭРНЕСТ УМЕТАЛИЕВ "Акнур фильм" студиясы менен биргеликте тарткан "Симулянттар" кинотасмасы 27-октябрдан баштап бардык кинотеатрларда көрсөтүлө баштайт.
star@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг:
2