БИР БҮРКҮМ
№743 27-январь-02-февраль, 2017-ж
-
ГҮЛЗАТ БАЙЗАКОВА кара калпак элинин элдик ырын аткарып чыкты.
-
ГҮЛЖИГИТ САТЫБЕКОВ "А балким" аттуу ырына клип тарттырып жүрөт. Дагы бир ырчы мырза ИЛЬЯЗ АНДАШ болсо "Водовоз" аттуу ырга клип тарттырып бүткөн чагы.
-
АКШнын Нью-Йорк шаарында ал жакта жашаган мекендештер үчүн кыргыз тилдүү музыкалык мектеп ачылат. "Мектеп атайын мекенибизден алыста өсүп кыргыз маданиятын, салттык музыкасын жакындан билүүгө тырышкан жаш балдар үчүн ылайыкталат",- дейт пианист АЗАМАТ СЫДЫКОВ.
- НУРМАТ САДЫРОВ менен рэпер БАЯСТАН дуэт жаздырып жатышат. Дуэт аткаруучулардын катарын толуктоо үчүн САМАРА КАРИМОВА менен НУРЛАН НАСИП дагы аракет көрүп жүрүшөт.
star@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг:
0