Архив
1152   1153   1154   1155   1156   1157   1158   1159   1160   1161   1162   1163   1164   1165   1166   1167   1168   1169   1170   1171   1172   1173   1174   1175  
1100   1101   1102   1103   1104   1105   1106   1107   1108   1109   1110   1111   1112   1113   1114   1115   1116   1117   1118   1119   1120   1121   1122   1123   1124   1125   1126   1127   1128   1129   1130   1131   1132   1133   1134   1135   1136   1137   1138   1139   1140   1141   1142   1143   1144   1145   1146   1147   1148   1149   1150   1151  
1049   1050   1051   1052   1053   1054   1055   1056   1057   1058   1059   1060   1061   1062   1063   1064   1065   1066   1067   1068   1069   1070   1071   1072   1073   1074   1075   1076   1077   1078   1079   1080   1081   1082   1083   1084   1085   1086   1087   1088   1089   1090   1091   1092   1093   1094   1095   1096   1097   1098   1099  
997   998   999   1000   1001   1002   1003   1004   1005   1006   1007   1008   1009   1010   1011   1012   1013   1014   1015   1016   1017   1018   1019   1020   1021   1022   1023   1024   1025   1026   1027   1028   1029   1030   1031   1032   1033   1034   1035   1036   1037   1038   1039   1040   1041   1042   1043   1044   1045   1046   1047   1048  
944   945   946   947   948   949   950   951   952   953   954   955   956   957   958   959   960   961   962   963   964   965   966   967   968   969   970   971   972   973   974   975   976   977   978   979   980   981   982   983   984   985   986   987   988   989   990   991   992   993   994   995   996  
897   898   899   900   901   902   903   904   905   906   907   908   909   910   911   912   913   914   915   916   917   918   919   920   921   922   923   924   925   926   927   928   929   930   931   932   933   934   935   936   937   938   939   940   941   942   943  
844   845   846   847   848   849   850   851   852   853   854   855   856   857   858   859   860   861   862   863   864   865   866   867   868   869   870   871   872   873   874   875   876   877   878   879   880   881   882   883   884   885   886   887   888   889   890   891   892   893   894   895   896  
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828   829   830   831   832   833   834   835   836   837   838   839   840   841   842   843  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар

Гүлзада Рыскулова, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти: "ЖОЛДОШУМ ЖУМУШУН ТАШТАП, ЧЫГАРМАЧЫЛЫГЫМ ҮЧҮН БОРБОРГО КЕЛДИ"

№749 10-16-март, 2017-ж.


– Саламатсызбы, Гүлзада айым? Чыгармачылыгыңыздагы акыркы жаңылыктарыңыз менен бөлүшө кетсеңиз.
– Жылдын башында "Айкөл Манас" деген клибимдин бет ачарын кылдым. Бул эмгегиме аябай көп даярдандым эле. Жыйынтыгында ийгиликтүү болду.

– Сизди "ар бир чыгарманын үстүнөн толгонуп иштейт, атүгүл транска кирип, өзүнүн гана дүйнөсүндө жашап калат" дешет. Эргүү кандай учурда келет?
– Ооба, ошондой учурлар болот. Чыгармачыл адамдар аябай көп чөйрөдө болобуз, ар кандай кырдаалдарга тушугуп, ар кандай элдин катмары менен катнашта жүрөбүз. Айлана-чөйрөдөгү болуп жаткан нерселер, жан дүйнөмдөгү толгонуулар биригип өзгөчө чыгармачылык абалды пайда кылат. Кээде өзүмдүн дүйнөмө сүңгүп, бир образга кирип алып ырдап, жанымдагыларды байкабай калам. Алар менин ырдаганымды аябай угуп жатышкан болот (күлүп). Жаңы чыга баштаганда маршруттук таксилерде баратып кыялданып ырдап кирчү экем. Жанымдагылар таң калып мени карап калышса да сезчү эмесмин. Бир маалда чочуп кетип башкаларды карасам, баары мени карап турган болот. Анан "аябай жакшы ырдайт экенсиң" деп айтышчу.

– Аян аркылуу да кайрыктар келеби?
– "Толгонуу" деген чыгармам аян аркылуу жаралган. Түн бир оокумда уйкумдан чочуп ойгонсом, сырдуу бир кайрыктарды жан дүйнөмдө кайталап жатыптырмын. Кайрыктар көпкө чейин кайталана берди. Анан бир маалда сөздөрү келе баштаганынан тура калып калем, кагазды алып 5 куплет ырды токтоосуз жазып салдым. Эртеси карасам оңдой турган жери жок экен. Ошол учурда космос менен байланыш болсо керек да, ошентип чыгарма жаралган.

– Табият менен сырдашып, мазарларга барып турасызбы?
– Сырдашам. Мисалы, чымчыктардын сайраганы өзүнчө эле музыка. Ата-бабаларыбыз чымчыктын сайраганынан, суунун шаркыраган добушунан, шамалдын күүсүнөн, жамгырдын үнүнөн алып чыгармаларды жаратса керек. Бир жолу Япониядан коноктор келип калды. Аларды кызыктуу болсун деп Алайдын бир жайлоосуна алып бардык. Жамгыр токтобой нөшөрлөп жаап, чатырдан тамчылаганынан дагара коюп койдук. "Кечирип койгула, ушундай болуп калды" десек, алар "ой, бул өзүнчө эле симфония, табияттын үнүн уккан мындай мүмкүнчүлүк дайыма эле келе бербейт" деп аябай жыргашты.
Кээде Кудайдын нуру түшкөн жерлерге барып жакшы тилектерди тиленем, жан дүйнөмдү сергитем. Кыргыздын ар бир баскан жери ыйык. Мисалы, Сулайман тоого барганда жүрөгүң тазаланып, жеңилдеп каласың.

– Алай демекчи, ал жакта сиздин руханий окутуучуңуз бар экенин уккам...
– Ооба, кеп-кеңешин айтып турат. Жакындарымдан угуп барып, таанышып калгам. Айылда эле жашайт, эл алдына чыгып көрүнүп, көкүрөк чапкылаганды жаман көрөт. Руханий кеңешчиң болсо бул жакшы. Ал мага кыргыздар тууралуу көп маалыматтарды айтып берди, жан дүйнөмдү ачты. Балким, мен өзүмдүн элимдин баалуулугун, улуулугун билбей, тааныбай өтүп кетишим мүмкүн эле. Ошондуктан улуу инсандарыбыздын таасири биздин жашообузда зор экен.
Элибиздин баалуулугун ырларым аркылуу элге жеткирейин дейм. Бирок жандуу байланыш жакшы окшойт. Ошондуктан алдыда кыдырып концерт берип, концерттен соң жаштардын суроолоруна жооп берип, баарлашкым келип жүрөт.

– Кыргыз баалуулуктарын сактап калсак болобу?
– Кыргыз дүйнөсү бул өзүнчө, бир сөз менен айтканда, адамга адамча жашоону үйрөткөн дүйнө. Тилекке каршы, элибиздин баалуулуктарынын сыры ачылбай келет. Биз азыр заманбап жашоодо жашап жатабыз. Албетте, жаңы технологияларды кабыл алышыбыз керек, бирок ошол эле убакта дөө-шаа өлкөлөрдүн алдында жоголуп кетпеш үчүн өзөгүбүздү кармана жүрүшүбүз зарыл. Албетте, дайыма боз үйдө жашабайбыз, дайыма улуттук кийимдерди кийип жүрө албайбыз. Ошентсе да алар тууралуу биле жүрсөк, биз күчтүү эл болмокпуз.

– Кыргыз каада-салтын жеригендерге кандай карайсыз?
– Биздин динди тутунган Түркияга барып жүрөм. Алар өздөрүнүн каада-салтын, үрп-адатын жакшынакай эле сактап жүрүшөт, улуттук баалуулуктарын сүйүшөт. Менин оюмча, бизге классикалык дин керек. Эгерде адам өзүн жакшы жолго сала албай жүрсө намазга жыгылып, руханий жолго түшсө эмнеси жаман? Эң коркунучтуусу, бизге кандай дин келип жатканын билбейбиз, себеби азыр диндин агымдары көбөйүүдө. Алар дин жолундагы багыттарды гана таңуулап, элибиздин баалуулуктарын тебелеп, жокко чыгарып салгандары өтө коркунуч туудурат.

– Чыгармачылыкка аз эмес каражат сарпталат. Бул жаатта демөөрчүлөрүңүз барбы?
– Чыгармачылыкка жаңы аралашканда демөөрчү таап, анан сахнага чыкса болот деп ойлогом. Бирок сени эч ким тааныбаса демөөрчү табылбайт экен. Керек болсо жакын туугандарың деле сенин талантыңа ишенбейт. Элге таанылгандан кийин өнөрүңдү баалаган инсандар чыгат экен. Ошондой жүрөгүндө патриоттук дух жашаган эр-азаматтар, досторум көп жардам беришти. Анан албетте, жолдошум дайыма менин жанымда. Буга чейин өзүнүн башка жумуштары бар эле, анын баарын таштап, менин чыгармачылыгым үчүн Бишкекке келип, колдоп жанымда жүрөт. Ошондуктан ага ыраазымын. Үйлөнөрдө эле мен Ошко бара албайм дегем. Себеби чыгармачылыгыма борбор ыңгайлуу.

– Мамлекеттик иш-чараларда көп ырдайсыз. Каражатты ал жактан табасызбы же тойлордонбу?
– Чынын айтсам, мамлекеттик иш-чараларда тойлордогудай төлөп беришпейт. Дайыма эле "бюджетте акча аз, колдоп койгула" деп суранышканынан көпчүлүгүндө бекер ырдап жүрөбүз. Ушул өлкөнүн атуулу болгондон кийин дайыма эле акча дебестен, бекер ырдап колдоп коюшубуз керек. Анан элибизге рахмат, жакшылыктарына үзбөй чакырып турушат.

– Турмушка чыккандан кийин жашооңузда эле эмес, жан дүйнөңүздө да өзгөрүүлөр болсо керек?
– Жашоомдо чоң өзгөрүүлөр, жакшы жаңылыктар болду. 3 уулдун энеси болуп, мурдагыга караганда жан дүйнөм тынчтанып калды. Анткени жанымда дайыма жолдошум бар, ал мага кеңешин берип турат. Балдарым каткырганда жан дүйнөм жаркып кетет. Кичүү уулдарымдын бирөөсү араң "апа" дегенге, бирөөсү жылмайганга эле жарайт. Ошентип мени кубантып жатышат. Аларды көрүп өзүңдү унутуп каласың. Жолдошум "бала деген ушундай экен, жүрөгүң жарылып кетейин дейт. Эгерде ушул сезимди төбөлдөргө берсе, ал сезим элге арналса..." деп калат. Сонун болот эле да, туурабы? Анда биздин жашообуз тез эле оңолуп кетсе керек.
Кыздуу болсом сонун болот эле. Жок дегенде өзүм үчүн сырдашканга кыздуу болгум келет. Кыз деген жароокер, боорукер, күйүмдүү болот. Кудай берсе, келечекте 3 кыздуу болгум келет.

– Бир кезде "Акылым жок" деп ырдап чыгып, аны сындагандар көп болду окшойт...
– Биз жашообузду ансыз да ар тарабынан чектей берет эмеспизби. Сындагандар көп болду. Жаңы чыкканда сындарды жүрөгүм менен кабыл алчумун. Азыр акыл менен кабыл алып, өзүмчө талдайм. Өзүмө бул ыр аябай жагат. Бул ырды концертимде жандуу аспаптардын коштоосунда ырдаганда башкача эйфория абалында болуп, өзүмдүн денеме канат бүтүп учуп кеткендей болдум. Аялдын табиятындагы назиктиги, эркелиги, кыялкечтиги, сезимталдыгы, мээримдүүлүгү, бардык сезимдер айкалышып кеткендей сезилет. Бул чыгарманын философиялык терең мааниси бар. Көбү эле "Гүлзаданын акылы жок экен" деп түшүнүшү мүмкүн. Мейли акылы жок деп ойлошсо (күлүп).

– Сүйүү тууралуу ырларыңыз жок...
– Сүйүүнү адамдар өзүбүз жаратабыз. Аны албууттантып, өзүңдү жоготуп өркүндөтүп жиберсең же жок кылып жиберсең болот. Таза сүйүү, менин оюмча, тынчтыкты жактырат. Мен аябай улуу сүйүү тууралуу ыр жазгым келип жүрөт, бирок кантип жаратарымды билбейм.

– Кыргыз кайрыктарын чет өлкөлүктөргө таанытуу үчүн эл аралык сынактарга катышуу оюңузда барбы?
– Мен өлкөбүздө өткөн 2-3 сынакка катышып, көпчүлүгү ийгиликсиз болуп көңүлүм калган. Калыстык жок деп айтайын десең, улуу адамдар отурса аларды сындагың келбейт. Жүрөгүм ооруп кайгырган учурлар болгон, бирок мүңкүрөп калган жокмун. Ошондогу жеңишке жеткен ырчылардын кээ бири азыр көрүнбөй деле кетишти. Элге тааныла электе гана Жеңижок атабыздын урматына уюштурулган сынакта баш байгени утуп жакшы сезимдерге чулгангам.

"Ар дайым мени колдоп жанымда жүргөн жолдошума ыраазымын".


Асхат Субанбеков
Алишер Алиев
star@super.kg



"Жолдошум жумушун таштап, чыгармачылыгым үчүн борборго келди"

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  6 
Комментарийлер(28)
14.03.2017. 10:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Жакшы маек болуптур, удаа удаа эле торогон окшойт эки баласын.
14.03.2017. 14:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Дин жагынан бир аз илим алсаңыз жакшы болот
14.03.2017. 16:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Tyty1990,дин жагынан илим албай, сабатсыз молдокелер кобойуп кеткендиктен кыргыздын баалуулуктарын жерип, "билим албагыла" деп тануулагандар кобойуп кетти да.
14.03.2017. 16:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Эжеке ийгилик,мага жагасыз.Балдарыныздын бактысына ар дайым аман болун!!!
14.03.2017. 19:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Pandora, кечиресиз бирок ушул создун аягын ушинтип бутуруп койсо эле тузу жоктой эле сезиле берет, аягына -НУЗ мучосун улап койсонуз НУКУРА КЫРГЫЗча болуп калаар эле! Гулзадага болсо ишиние ийгилик каалайм!
14.03.2017. 18:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Эже акыркы убакта жылдыз оорусу менен кобуроок ооруп жургондойсуз.Кыйын десе кыйынмын деп эле...(Жакындан коргон билген адам катары айтып жатам.)
14.03.2017. 18:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Дайыма маек бергенде токтоо туура маныздуу жооп берет.Суйууну даназалаган мыкты чыгарманы кутобуз.
14.03.2017. 23:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Кандайча эмгек синирген артист,кайсы эмгеги синди
17.03.2017. 20:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
nurik838383,эки ырдап эмгек синирген артистер да,мен мисалы бир да ырын уккан эмесмин кандай ырдаарын да билбейм..
15.03.2017. 01:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Арстан алайга кошулуп алса болот экен . Суйлогондору окшош экен. А мындай да ырчы бар ьеле ээ. Жайнашты го аско маско дешип ар кайсы жактан чыгып.
15.03.2017. 08:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
erkekizmin,Эмгек синирген артист керек болсо...Рыспай Абдыкадыровдун 50 жашында ,ошончо шедеврди жаратып анан аран алганын укканмын.Эжебиз да "Мен ,мен мен кылганда"дегендерден экен.Татыктуумун деп баса эле айтса керек!!!
17.03.2017. 09:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
erkekizmin, ansyz dele ekoo bir aialdan kozdoru achylgan. Mektebi bir da.
15.03.2017. 01:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Космос мн байланышса анда укмуш ))арстан алайда далай космоско барган))
15.03.2017. 03:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Бул ырчынан оозго алына турган ырын билбейм, балким бар чыгаар. Кызыгы жолдошум такыр тааныбайт экен. Мынчалык аалам жана космос менен байланышкан ырчы кыргыз элиме эмгек синирип жургондо кайда жургонумду билбейм... Качан? Кантип? Кайдан синирген? Сураныч жооп берип коесуздарбы? Не болсо да синирип алган наамын аш кылып жашасын, балдарынын мандайында аман болуп, оорубасын. Ийгилик.
15.03.2017. 10:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Бул ырчы эмгек синирген наамды алганда таанып баштадым , бир да ырын тааныбаймын укпапмын демек ырлары популярдуу болгон эмес, анан кайсы абалына эмгек синирген.
15.03.2017. 13:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Мына кызык коп иш чараларда орунсуз кайткан, бирок эмгек синирген артист. Просто кулгонго адам жок
nazgulum түзөттү 2017-03-15 13:58:32
16.03.2017. 01:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
тиги халявный сыйлык тууралу унчукпаптыр го.
Медиа-портал
16.03.2017. 02:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Жон эле ырчы деп жазылды го каяктагы эмгек синирген наамды айтып атасынар
16.03.2017. 09:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-6
"Бул ырчыны тааныбайм", "биринчи жолу көрүшүм", "эмгек сиңирип жатканда мен кайда жүрдүм экен", "жолдошум тааныбайт экен бул ырчыны"... Окуп алып күлдүм, бул комментарийлерди. Ичи күйүп, өз атыңардан жаза албай ар кайсы никтерге жамынып алып сындап жатасыңар. Чындыгында бул кыздай терең маанилүү ырларды учурда сахнада жүргөн саналуу гана ырчы ырдайт. Калганы бүт "кечээ случайно көрүп эле сүйүп калдым" деген эптемейлер.
16.03.2017. 11:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Oi_pikir,ич куйдуулук эмес,сын деп коет.ич куйдуулук менен сындын айрымасы асман менен жердей.адам сын менен осот,ооба колдоо корсото турган жерден корсотуп биз сени мененбиз деп коюш керек.бирок баары эле оо жакшы укмуш дей берсе кыймылдабай отура беришпейби?!ар ким оз оюн жазат.оз атынарды жаза албай депсиз,сиздин оз атыныз кана?коро алган жокпуз го
18.03.2017. 01:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Oi_pikir,Эн туура айтасыз. Мыктынын мыктысы, Кыргызымдын МЫРЗА айымы. Ырларын угуп дем куч алам чынында. сиздей патриот жигиттерибиз айымдарыбыз коп болсун!
17.03.2018. 04:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Oi_pikir,Сизге кошулам.
16.03.2017. 21:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Так илимдерге таянсаныз космос дегени боорду эзди,кыскасы "зима не будет"))))
16.03.2017. 21:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Тообо,классикалык дин керек дегени эмнеси кокууй?Чын эле акылы жок турбайбы.
17.03.2017. 12:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Уну жакшы, жакшы ырдайт, сыйлыгы боюнча айталбайм бирок мындай ырчы бар экенин эми угушум дегендер шоу чойрого кызыгып укпагандар болсо керек да, коптон бериле ырдап журот го бул ырчы.
18.03.2017. 00:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эмгеги синсе жок дегенде чет жерден бироо жарым баалайт эле го уч жерден бири да баалабаптыр. Баалаган учун Кайрат алды да баалабаса калыстык болбосо Кайратта кайдагы кыйраткан акча акча берип алды дейин десен анан да Кайраттын акчасына Дима Билан муктаж эмес анын сынары бир жерде калыстык болбосо экинчисинде болот экинчиде болбосо учто болот да кантип учоондо тен калыстык жок.Жон кана...
17.03.2018. 04:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эн сонун интервью. Сабаты жок, акылы тайкылар создун маанисин тушунушпойт. Эмгек синирген наамга татыктуу бул айым. Патриот башка ырчылардай болуп жарым жыланач кийинип чыкпай нукура кыргызча кийинет уну эн сонун. Олтуруп алып эле кечээ туулгандар тааныбайт экем дейт. Ойноктогон обу жок жылдыздарды билишет. Гулзада Рыскулова пиарчы эмес ошондуктан билбейсинер
17.03.2018. 20:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Билбегендер Гулзаада Рыскулова деп издеп ырларын угуп коргуло,чынында башкалардан озгочо уну бар,болгону майда-чуйдо кылып ырдай бербейт саны бар сапаты жок.Шоу чойродо асманга учпаган айым деп билем.Уй-булоонузго тынчтык,амандык тилейм
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: