754-САНДА ОЙНОТУЛГАН ОЮН-УТУШТУН ОШ ОБЛУСУ БОЮНЧА ЖЕҢҮҮЧҮСҮ
№756 28-апрель-4май, 2017-ж.
Абдыразак Аманов: «МАГА ЫРЧЫЛАР ТУУРАЛУУ МАКАЛАЛАР ЖАГАТ»
– Абдыразак, байгеңиз кут болсун! Өзүңүз тууралуу айта кетсеңиз?
– Рахмат! Өзүм Кадамжай районунан болом. Учурда Улуттук гвардиянын Ош шаарында жайгашкан №703 аскер бөлүгүндө кадрлар бөлүмүндө кызмат өтөйм. Жашым 27де.
– Сиз көбүнчө кайсы рубрикадагы темаларды жактырып окуйсуз?
– Мен көп убакыттан бери эле «Супер-Инфо» гезитин окуп келем. Мага негизинен кыргыз эстрада ырчылары тууралуу макалалар жагат. Анан сканворд толтурганды жакшы көрөм.
«КЫЛЫМДАР БОЮ ЭЛГЕ КЫЗМАТ КЫЛА БЕРИҢИЗДЕР»
Жалал-Абад облусундагы окурмандар үчүн ойнотулган оюн-утуштун жеңүүчүсү Айтунук Калмаматова кеңсебизге келип, белегин алып кетти:
– «Супер-Инфо» гезитин окуй баштаганыма 10 жылдан ашты. Ошондуктан суроолорго жооп табуу көп кыйынчылык туудурган жок. «Жеңүүчү болдуңуз» деген кабар мага кат жөнөткөндөн 2 жумадан кийин жетти. Угуп алып аябай кубандым.
15 жыл кыргыз элине кызмат кылыпсыздар, кылымдар бою кызмат кылууңуздарды каалайм!
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг:
0