Архив
1152   1153   1154   1155   1156   1157   1158   1159   1160   1161   1162   1163   1164   1165   1166   1167   1168   1169   1170   1171   1172   1173   1174   1175  
1100   1101   1102   1103   1104   1105   1106   1107   1108   1109   1110   1111   1112   1113   1114   1115   1116   1117   1118   1119   1120   1121   1122   1123   1124   1125   1126   1127   1128   1129   1130   1131   1132   1133   1134   1135   1136   1137   1138   1139   1140   1141   1142   1143   1144   1145   1146   1147   1148   1149   1150   1151  
1049   1050   1051   1052   1053   1054   1055   1056   1057   1058   1059   1060   1061   1062   1063   1064   1065   1066   1067   1068   1069   1070   1071   1072   1073   1074   1075   1076   1077   1078   1079   1080   1081   1082   1083   1084   1085   1086   1087   1088   1089   1090   1091   1092   1093   1094   1095   1096   1097   1098   1099  
997   998   999   1000   1001   1002   1003   1004   1005   1006   1007   1008   1009   1010   1011   1012   1013   1014   1015   1016   1017   1018   1019   1020   1021   1022   1023   1024   1025   1026   1027   1028   1029   1030   1031   1032   1033   1034   1035   1036   1037   1038   1039   1040   1041   1042   1043   1044   1045   1046   1047   1048  
944   945   946   947   948   949   950   951   952   953   954   955   956   957   958   959   960   961   962   963   964   965   966   967   968   969   970   971   972   973   974   975   976   977   978   979   980   981   982   983   984   985   986   987   988   989   990   991   992   993   994   995   996  
897   898   899   900   901   902   903   904   905   906   907   908   909   910   911   912   913   914   915   916   917   918   919   920   921   922   923   924   925   926   927   928   929   930   931   932   933   934   935   936   937   938   939   940   941   942   943  
844   845   846   847   848   849   850   851   852   853   854   855   856   857   858   859   860   861   862   863   864   865   866   867   868   869   870   871   872   873   874   875   876   877   878   879   880   881   882   883   884   885   886   887   888   889   890   891   892   893   894   895   896  
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828   829   830   831   832   833   834   835   836   837   838   839   840   841   842   843  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар

КАЙНЕНЕ-КЕЛИН КАНТИП ТИЛ ТАБЫШУУ КЕРЕК?

№776 15-21-сентябрь, 2017-ж.


Кайнене менен келиндин канга сиңген тиреши үй-бүлөнүн урашына эле алып келбей, кээде криминалдык түскө да өтүп кетүүдө. Бир аз убакыт мурун «кайненеси жашатпай койду» деп кайненесинин башын кесип, таштандыга ыргыткан келиндин кылыгы коомчулуктун төбө чачын тик тургузду. Канткенде бул таймашты жок кылып, бир үй-бүлөгө айлануу керек? Психолог АЙЗАДА ТАНАЕВА менен чогуу жооп издедик.

ЭМНЕДЕН УЛАМ ПИКИР КЕЛИШПЕСТИК КЕЛИП ЧЫГАТ?

  • Эркек аялзатынын идеалы катары өз энесин көргөндүктөн, энесине окшош кызды издейт. Эгерде энеси жана келинчеги жумшак болсо, маселе жок. Ал эми экөө тең күчтүү мүнөздүн ээси, лидер болсо, үй-бүлөдөгү чечүүчү орун үчүн эки аял өздөрү байкабай күрөшөт.
  • Кайненелер 50-55 жаштарда келин алышат. Бул учурда аялзатынын эң оор абалы – климаксты башынан өткөрүп жаткан учуру болот. Тез жини келип, болбогон нерсеге кыжырланып баштайт.
  • Келин үчүн башка эрежелер, башка үй. Анын психологиялык абалы туруксуз. Ордун тапканча убакыт керек болот.
  • Айрым кайнене өзүнүн карып баратканын, үй-бүлөдө жаш аял келгенин, анын таасири бар экенин кабыл алгысы келбейт. Кызганычтык менен карап келинин атаандаш катары карайт.


КЕЛИНДЕР ҮЧҮН КЕҢЕШ

1. Сиз бул үйгө келин болуп келдиңиз, үйдүн салтын, эрежесин кабыл алууңузга туура келет. Жаштардын «кааласаң да, каалабасаң мен ушундаймын, кабыл ал» деген жакшы көргөн фразасын үйдүн босогосун аттап жатканда эле таштап коюңуз. Ордуна улуулардын «Ким ийилбесе, ал сынат» деген макалын акылыңызга жазып коюңуз.
2. Кайнене монстр эмес. Биринчи күндөн эле кайненеге каршы стереотип менен барган туура эмес. Үйрөнүүгө, кабыл алууга даяр болуңуз. Ал сизден тиричиликти, алыш-беришти, карым-катнашты жакшыраак билет эмеспи.
3. Кайненеңиздин психологиясын, эмнени жакшы көрөт, эмнени жаман көрөт, сүйүктүү сериалы кайсы, кайсы абысыны менен өч, иликтеп койсоңуз жардамы тиет. Экөөңүздөрдүн ортоңуздарда бир тема жаралышына жардам берет.
4. Кайнененин көзүнчө уулу менен кучакташып, өбүшүп турганыңыз болбогон нерсе. Анын энелик сезимдерин аяп, башка жерден эмоцияңызга жол бергениңиз акылдуулук.
5. Жактырбай жатканын билсеңиз деле үмүт өчүрбөңүз. Күлүп-жайнап, чайын сунуп, абалын сурап мамилени өзгөрткөнгө аракет кылсаңыз бир күнү болбосо, бир күнү өзгөрөт. Күйөөңүздү сүйсөңүз, аны төрөгөн аялдын да бир жакшы жагын сөзсүз көрө аласыз. Жок дегенде сиздин аракетиңизди күйөөңүз баалап ыраазы болот.
6. Энесин күйөөңүзгө жамандабаңыз. Башыңыздан сылап «сеники туура» дебейт. Эркектер аялдай стресске туруктуу калк эмес. Жашоосундагы эки жакын адамдын бирин жакшы, экинчисин жаман көрө албайт. Эркек үчүн бул чатак чечилбеген дилемма, андыктан колдон келишинче эки аялдын ортосундагы нерсени эркектин кулагына жеткирбей бүтүргөнгө аракет кылгыла.
7. Батпай жатасыңарбы, «өзүбүзчө бөлүнөлү» деп ачык айтыңыз. Өз алдынча болуп тиричилик кылуу жаш үй-бүлө үчүн пайдалуу чечим.
8. Күйөөңүз абалыңызга кайдыгер карап, кайненеңиз менен тил табышууга мүмкүн эмес болсо, башкача айтканда, абалды оңдоонун башка такыр жолу жок болсо, криминалдык жолго барбастан, абал оңолгуча кетип калганыңыз оң. Баш менен дубал сүзгөн абалга караганда, өзүңүздү сактап калуу үчүн майдандан чыга турууга туура келет.
9. «Кайнене үчүн ажыраштым» дешет. Сиз кайненеге эмес, күйөөгө тийдиңиз, эмне үчүн кайнене үчүн күйөө менен ажырашыш керек? Ал эми сиздин үй-бүлө, ал үчүн күрөшүү сиздин колуңузда.

ИДЕАЛДУУ КАЙНЕНЕНИН ПОРТРЕТИ

  1. «Керегем, сага айтам, келиним, сен ук». Кыргыздар келинге нааразычылыгын кыйыр мааниде айткысы келгендиктен ушул макал келип чыккан. Кайнене келинди бооруна тартып, кемчилигин жымсалдап, ыгы менен акырын айтканы оң. «Колуңдан келбейт турбайбы, энең үйрөткөн жок беле?» деген кер какшыктын ордуна, «үйрөнүп кетесиң, баарыбыз эле ушинтип үйрөнгөнбүз» деп койсо алда канча акылдуулук.
  2. «Келиндин келгендегиси эстен кетпейт» дейт. Кайнене биринчи күндөн эле «кызым» деп кайрылганы оң. Каарын чачпаса, ага ишенип, кабыл алганын билдирсе, келин үчүн чоң бакыт.
  3. Ден соолугу чың тукум алып келиши үчүн кайнене келиндин ден соолугун карап, боюнда бар учурда, андан кийинки кырк күн оор жумушка салбай аяганы туура. «Биз деле ат чаап жүрүп төрөчүбүз, өлүп кетпейт» дебеш керек. Мурункулар ат жалында жүрүп төрөсө, азыркы аялдар бардык шарты бар төрөтканаларда төрөп жатышат. Бирок төрөттөн каза болгондор көп.
  4. Идеалдуу кайнене келин менен уулдун ортосунда болгон ички иштерине кийлигишпейт. Эгерде чатактары ырбап бара жатса гана уулуна тартпай, экөөнө тең калыс сөзүн айтат.
  5. «Келин жаман эмес, келген жери жаман» деген кеп бар. Жакшы кайнене келинин кайын эже, кайын сиңди, абысын, коңшу-колоңдун ушагынан коргойт. Аны «тигинин келини минтиптир, сен эмне антпейсиң?» деп салыштырбайт. Анын келбетин, арыгын-толугун, сулуу-ырайы сууктугун башкалар менен талкуулабайт. Уулу ошол аялды тандаса, демек, бир татыктуу жери бар экенин эске алат.
  6. Өзү менен келинин салыштырбайт, атаандашпайт.
  7. Келинге кызматкер катары карабайт. Чарчаса аяп, «эс алып ал» деп айтат. Замандын агымы менен болот.
  8. Уулунун бактысы үчүн келиндин кемчилигине көз жума алат же тарбиялап чыгарат.
  9. Акыркы жана эң негизгиси, чын жүрөктөн келинин сүйүп өзүнө татыктуу орун басар катары көрөт.


КАНДАЙ КАЙНЕНЕСИЗ?

Жаркын Балыкбаева, актриса:
– Укмуш кайненемин дебейимби (күлүп). Келиндериме үн катпайм, эркин коём. Ал дагы бирөөнүн баласы, жүрөгүн ооруткум келбейт. Өзү билип кылса кубанып калам, кылбаса капа болбойм. Мурункуга салыштырмалуу келиндерден ыйман кетти. Өзүмдүн апам келиндерин катуу кармачу. Жууркандарын сыйрып ыргытып, «тургула» деп кыйкырып катуу башкарчу. Келиндери үн катышчу эмес. Азыркы келиндер бирди айтсаң, сага экини айтат. Эки ооз сөз чыга электе тейтеңдеп түйүнчөгүн түйүп «кетем» деп баштайт. Ажырашкан азыр оңой болуп калбадыбы, мурункулар жабышып эле оокатын кылып үй-бүлө болуп кетишчү.
Антейин десем, кайненелердин деле каары кээде далай жерге алып барат. Күйөөсү келинчегине жардамдашса кайненеси «сен жөн отур, бул үйгө кызмат кылганы келген, жасасын» дейт экен. Эми ушу жакшыбы, экөөнүн баласын колунан алып соорото турса жаманбы?

СИЗ КАНДАЙ КЕЛИНСИЗ?

Назми, ырчы:
– Мен кандай келинмин? Жакшы келинмин. Жалгыз кыз болгондуктан өз апам мага үй тиричилигин эрте үйрөттү. Баарын билип эле турсаң кайненең деле сага ыраазы болот экен. Мен кайненемден кызматымды аябайм. Апам мени жакшы көрөт, сыймыктанат. Башка кайненелердей болуп ушактап, ички иштерге такыр кийлигишпейт. Мен кайнене болгонумда деле келиниме аябай түшүнүү менен карайт болушум керек. Азыр кайнененин ишеничине кирсең, кийин алар сен үчүн да опол тоодой тирек болуп берет. Ошон үчүн кайненени жакшы көрүш керек, сыйлаш керек. Келиндерге кеңешим, жаман нерсе издебеш керек. Көп нерсени көз жума билиш керек, жакшылык эле кыла бериш керек, жакшылык баары бир жеңип чыгат жана айланып келет. Мен апама жакшы келин болсом, кийин мага жакшы келин туш келет деп ишенем.


Нуржамал Жийдебаева
kenesh@super.kg



"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  9 
Комментарийлер(92)
19.09.2017. 10:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Кыз кезинде баары жакшы жаман катын кайдан чыкты дейт элего
19.09.2017. 19:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Jainashyma,Кызды кудай берет. Аял кылган силерсинер.
19.09.2017. 10:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Ээх.......... кайнене
19.09.2017. 12:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Batma08,уже тушкндум мен да ушинтейин деп тургам(((((
19.09.2017. 12:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Беш кол Тен эмес
19.09.2017. 13:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+21
Уфф ушу деги жашоо кызык куйоого тийсен да азап тийбесен да азап
19.09.2017. 13:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Куйоого тиерден мурда чечишип алам го) кайын эне мн жашабайбыз деп тыкылдатып окат кылып турсан эле жагасын ал адамдарга
19.09.2017. 19:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Ziasuiunbekova Ооба иш кылсан жагасын, Бир кун ооруп калсан эле жакпай каласын, ал учун Темир болушун керек
20.09.2017. 01:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
ZHaziko,ошо да негизи эле бизде уйлоноордо кыздарды уй жыйнагыч кызматкер сыяктуу корушот окшойт, болгон иштин баарын кылдырып, эххх кыргыз келиндерге эле кыйын оту мене кирип гулу менен чыгасын.ошентип атсан да жакпайсын ...Ушул кайын эне менен жашоо стереотип жок болсо жакшы болмок
Ziasuiunbekova түзөттү 2017-09-20 01:56:51
21.09.2017. 00:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ziasuiunbekova,Оа, эмне кылабыз Бир жолун табышыбыз керек сын мындан ары минтип жашаным келбейт. Стиральная машина турса кирдиби колго жуу дейт, мен анын эмес озумдун кийимдеримди колго жууп коргон эмесмин десем олуп алды кайна эне.
ZHaziko түзөттү 2017-09-21 01:10:45
19.09.2017. 14:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
кобунчо тынбай калгап кайнеже кайнсиндилерден чыгат
21.09.2017. 00:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
aikeeboni,Бизде ошода келген келинге баары жармашып наклейки болуп алышат. Менин жалгыз кайним деле ошо согуп кагып озунчо эле мага 3 чу кайна эне Ошо эле калды эле мен которо элек. Озунчо десерт болуп.
21.09.2017. 03:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
ZHaziko,))))
19.09.2017. 14:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+24
Эхххх кайненелер. Биз да кайнене болобуз, бирок, мага кылган мамилени мен келиниме кылбайм ИншаАллах.
19.09.2017. 14:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
кайнененин арабасына тушкончо сенин айтканын болот дейт, арабага тушкондон кийин озунун гимнин ырын ырдататгооо чиркин!!!
19.09.2017. 14:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Бирок кайнене эч качан жаман болсун дебейтда!!!Кээ бир келиндер деле бар туура созду туура кабыл албай,тескерисине алгандар
21.09.2017. 01:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Nuri1988Elim2010,Дегендерда бар. Тенине албагандар
19.09.2017. 14:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мдаа..... Создун ачыгы куйоого тийээрде чечишип билип алышын керек экен кайынэнен м-н жашайсынбы же озунчобу. Анан дальше озун чечип ал даярсынбы ошого т.е кайынэне м-н жашаганга же жокпу. Жогоруда бироо айткандай тыпылдап эле иштей беришин керек, кылсан жагасын ал кишиге, жокпу анда кечирип кой.
19.09.2017. 15:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Кайнене баласын кызганат, а кызганыч оору. Жаш баласынын койнунда жаш кыз жатканына ичи куюп ортодон бир нерсе ойлоп таап жаш келинди жаман корсотуу. Баары эмес копчулугу. Келин кул эмес.
19.09.2017. 19:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Djal1987,Багып чонойтум Эми башкага карап калды деп калатта кызганып
20.09.2017. 00:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Djal1987,жаш баласынын коюнунда жаш кыз жатса...деп тим эле,апасы кызганса аял катары,баласын эркек катары коруп кызганып жаткан жок да,ойлонуп жазсан кичине!
19.09.2017. 17:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Кайнененин жакшысы да жаманы да бар келиндин да ощондой.Келиндер анча мынча жакшылыкты биле беришпейт.жаны келин болуп келгенде бир аз уйронгучо жардам берсен ошого конуп калышат.анан
19.09.2017. 19:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Ээээх. Ар кандай адамдар болот да. Кайнене энедей болсо гана.
19.09.2017. 19:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Оа, менин кайна энемдей кайна энеге туш келсенер укмуш ай. Келген кунумдук баштап козу ачыктар башы чыкпайт. Толго салып келет ажырабы же жашайбыз деп Эгер козу ачык ажырашат десе азыр эле ажыраштырып тынам деген кайна эне.Мен Силердин тагдырынарды чечем ары кылам же бери кылам деп жандырсын койбойт бузуку уруштуруп киригишип баардык Жака кыскасы жашоом тозокко айланды
19.09.2017. 20:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
ZHaziko,жашообуз окшошурак экен..
21.09.2017. 00:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Batma08,Айла жок ыйлап кала бердик. Акылсыз адам озунун акылсыздыгын билбейт. Бирок жанындагы адамдар кыйналат деген чын экен. Айла жок жашоом бузулду психикамда аябай озгорклуп конулум калды
20.09.2017. 01:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
ZHaziko,Жашоонуз тозок болсо да позитувдуу экенсиз.. Кайын эненизге ыйман берсин.Сиз аябай жактыныз
21.09.2017. 00:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Ziasuiunbekova, Рахмат негизи храктерим жакшы баардык адамга жактым кайнау энеме жакпадым.
21.09.2017. 10:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ZHaziko,тозоко айланса кара казанды башына кийгизип ал жагына ылайды шывап кетип кал. Буту колу бар денин сакпы? Балдарыны акыры багаларсын. Не 7м кыз барбы? Мен силерге күң эмесмин да де
19.09.2017. 20:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Душманымада каалабас элем меникиндей кайненени
19.09.2017. 21:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-6
Эмнеле мынча жек коросунор кайн энени.озунорда кайн эне болосунарго.мен кайн энем болгондо элге окшоп тороп тороп бактырып.ыссык чайымды берип тобоомо которуп бакмакмын.баласы жакшы энеси жаманбы.ошол силер суйуп куйуп жакшы коруп тийген баланар койнунарда жакшыбы.энесинда жакшы дегиле
19.09.2017. 21:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Mikra,башына ошондой кайнене келгенде билесин сенда ошондо кором тобооно которуп бакканынды. .
20.09.2017. 05:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Mikra, Кайнене жакшы болсо жон жерден жамандай беребизби эмне Ошого жеткизип ататда, еще моода бар кыздарыда кайнене болуп алышат тимеле кыйратып коюшкансып мага.
21.09.2017. 01:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Xanisha,Жеткирбесекда аларга скучно брлбосун деп эле бироонун баласын алып алгандан кийин бутту ОЗУ билет тагдырынды.
20.09.2017. 16:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Mikra,мен келин болуп келген кундон баштап дайыма эртен менен саат беште туруп жаңы тамак жасап кайненемди жумушка узатаар элем,анан эле бир куну турайын десем эле тура албайм, таксикоз болуп кыйналып жаткан болчумун,кайненем озу жумушка чайын ичип кетиптир, анан жумушунан чалып алып кыйкырган. Так что мин кун кызмат кылып туруп бир кун кызмат кылбай койсон ошол бир кунун кээ бир кайненелердин козуно мин кундой корунот.
21.09.2017. 00:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Mikra,Ар Бир кайна эне жакшы эмес. Меникиндей кайна эне болсо бакпайт озун бак дейт.Ким айтты сага баардык кайна энелер багат деп.
25.09.2017. 13:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Mikra,кээ бир кайненелер мен сага нянямынбы, тууп алып жаткын бар дешет, бир колуна баланы кармап бир колун менен иште дешет
19.09.2017. 22:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+14
Канча жакшы кайнене болбосун ал баары бир кайнене. Ооруп калсан жакпайсын, келин эч качан чарчабаш керек, баарына жетишиш керек. Эээх айта берсен соз коп. Баары бир оз кызындай корбойт экен.
22.09.2017. 00:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Holboeva92,Оа. Калпда болсо айланайын кызым деп койсо биз эмне суйунгонубуздон иштин баарын мизилдетпейлиби? Жакшы соз чыкпай жатса колго камыр кылып беш бармак жазасанда жакпайсын.
19.09.2017. 23:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Кайындар учун келин кызмат кылуучу тируу робот. Оз башымдан отту. 10 жолу оокат жасаганын корунбой, 1жолу жасабай калса корунуп калат. Келин баарын жасаш керек,эч оорубаш керек.Ооруса да чыдап журо бериш керек.Аял ит жандуу,баарын которот дешет.Ошол кайненелер деле убагында келин болгон,а келин кайнене болчу убагы алдыда. А эмнеге келиндин абалын тушунгулору келбейт???
20.09.2017. 01:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Менин кайын журтум золотой кудайга шугур, оз уйумдогудой журом коз тийбесин
Paprikafm түзөттү 2017-09-20 01:12:38
21.09.2017. 01:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Paprikafm,Андай золотой лор азда, золото негизи эле азда бокко караганда.
20.09.2017. 10:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Мага куйоом апама кандай мамиле кылсан мен да сага ошондой мамиле жасайм дейт.Кудайга шугур кайненем жакшы.
21.09.2017. 19:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Jeengul,мага да жолдошум башында ошентип эскерткен.
20.09.2017. 12:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Тообааааа, ушуга окшогон нерселерди элден гана көрбөсөм, Кудайга шүгүр тууган туушкандарымда андай тирешүү жок.
Кайнене келин тил табыша албай, "кайненем койбоду"-деп ажырашкан үй-бүлөгө турмушка чыгып калды бир эжем, башында кыйналып жүрдү "мени да ажыраштырып тынат окшойт"-деп, бирок бара-бара мамилеси жакшырып өзүнүн апасындай болуп калган. Азыр кайненеси эжем жок болуп калса сагынып, жоктой берет. Кандай жашоо адамдын өзүнүн колунда экен.
20.09.2017. 16:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Жаркын балыкбаева эже айткандай куйоом мага жардам берип атса жон тур деп турат болчу. Жада калса куйоом бир жолу шашлык жасаса, же отун жарып койсо кайненем мага суйлонгон "шашлыкты мындан кийин келин жасасын ээ" же "мен келин болгон учурумда озум эле отун жарып койчумун" деп. Ошентип азыр куйоом ото жалкоо эч жерде иштебей, акча таппай отурганына коп болду. Кайненем азыр аны иштете албай убара.
20.09.2017. 16:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
jannia,сизге толук кошулам.жардам бербе деп тыя берсе ,куйоондун иши деле болбой калат экен.Айка.
20.09.2017. 18:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+14
Кайнэнен кызым, балам деп турса келин кайда бармак. Мени бир жолу кызым деп суйлоду эле озунчо эле суйунуп ээч чарчабай планда Жок иштерди жасап салгам ошол кунум оло суйунуу мн откон)))
20.09.2017. 21:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ээх кайненее кайна энеле болду гоо
20.09.2017. 23:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Биздин байкебиздин аялы улам бир оорусун айтып дарыланып эле атат,аны коргон апабыз куйполоктоп устуно уйруло тушуп белек-бечкегин ташып козуно кароо менен убара,озунун апасы "колунду сууга салба,оор которбо" ж.б советтерин айтып куну кечке чала берет,озунун омуру ачылбаган кабагына каар жаап центр внимания болуп атканын коруп,солдуроп ары-бери басканын коруп эки кашынын ортосуна басыып басыып алгым келет...ээх десен...
p/s сорри.
21.09.2017. 01:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кайна энелер! Апа деген атка татыктуу болсонор гана... Жашообузду тозокко айлантынар. Айла жоок ыйлап кудайдан тилегенден башка айла калбады
21.09.2017. 12:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
ZHaziko,кайненениз менен тил табышууга аракет кылып кордунузбу?Мурда кандай отношение кылчу же башынан эле жактырбайбы сизди?Куйоонуз не дейт?
22.09.2017. 00:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
surgeon777,Башында келген куну эле Келиндер жыргатпайт козун жокто жамандайт булар деген. Келип эле эртеси ушу созду уккам. Калганы тушунуктуу болсо керек. Куйоом башында болушчу апасы киригишип кычыштыра берчи мен конулго албайт элем. Бирокк кийин такыр болушпай экоолоп жабылчуу болду. Бир кашык учун далай уруш чыгарды аябай майда чуйдо баарына киригишет.Эмне дейм кайна эне акыры добилась.
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: