
– Мен 1994-жылы туулган уулум Кенжебеков Талгат Нурзатовичти издейм. Өзүбүз Талас облусунун Кара-Буура районуна караштуу Чолпонбай айылынан болобуз. Уулум Бишкектеги Агрардык университетти бүтүргөн. Өзүнүн кесиби менен иш табылганча "башка жумуштарда иштей берейин" деп Бишкек шаарына кеткен. Аны менен акыркы жолу 2016-жылдын 28-декабрында сүйлөшкөнбүз. Ошондо ал “телефонум бузулуп жатат” деп айткан эле. Талгат, бизге кайда экениңди билдир, сени издебеген жерибиз калган жок.
Сенин амандыгыңды тилеген апаң Жүрсүнкан Сокубекова,
тел.: 0552 28 03 56
«ЭЖЕМ МЕНЕН ЖЭЭНИМДИ ИЗДЕЙМ»

– 2017-жылдын 17-август күнү Ысык-Көл облусунун Тамчы айылынан эжем Шаршенбек кызы Гүлназ 3 жашар баласы Шаршенбек уулу Хамзаны ээрчитип үйдөн чыгып кеткен боюнча дайынсыз. Эжем Гүлназ экинчи топтогу майып, талма оорусу менен жабыркап келет. Ал эми уулунун дени сак.

Аларды акыркы жолу Бишкек шаарындагы автобекеттен көргөндөр бар. Кимде ким сүрөттөгү эне-баланы көргөн болсо, төмөндөгү номерлерге байланышып коюуңуздарды суранам.
Бир тууган агасы Эрнист,
тел.: 0551 191999, 0708898984
Сиз качандыр бир кездеги жакын адамыңызды издеп, бирок таппай жүргөн болсоңуз, анда Главпочтамт, а/я 2031 дарегине же koom@super.kg электрондук почтасына кат жазыңыз.
Эскертүү! Катта маалымат берген адамдын дареги же телефон номери так көрсөтүлүүгө тийиш.
Байланыш телефону:
(0312) 32-33-28