БИР БҮРКҮМ. ДАМИРБЕК АСЫЛБЕК УУЛУ МАНДАТЫНАН АЖЫРАТЫЛДЫ...
№807 20-апрель -26-апрель, 2018-ж.
-

Кыргыз мамлекетинде каттоодон өткөн
ИСЛАМ ДИНИ боюнча билим берүүчү 104 медресе, 10 жогорку окуу жайы бар. Бул тууралуу Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиядан жарыялашты.
-
МИГРАНТТАР 2018-жылдын алгачкы 2 айында Кыргыз өлкөсүнө 307 миллион 600 миң доллар которду. Бул тууралуу Улуттук банктан кабарлашты.
-
Республика аймагында жыл башынан бери 878 ӨРТ КЫРСЫГЫ катталып, 28 киши каза болду.
-
Тогуз-Торо районундагы «МАКМАЛ» алтын комбинатына тийиштүү имаратты өрттөөгө байланыштуу 12 жергиликтүү тургун кармалды.
-
Казакстанда аткезчиликке шектелип кармалган Жогорку Кеңештин «Кыргызстан» фракциясынан депутат ДАМИРБЕК АСЫЛБЕК УУЛУнун кош жарандуулугу аныкталганына байланыштуу мандатынан ажыратылып, анын ордуна РУСЛАН ЧОЙБЕКОВ келди.
-
2018-жылдын март айындагы республикалык БЮДЖЕТТИН кирешеси 9 миллиард 135,5 миллион сомду түздү.
-
Ош шаарында Кытайдан келген грантка курулуп жаткан шаардык КЛИНИКАЛЫК ООРУКАНАНЫН 95 пайызы бүткөрүлдү. Алгачкы жабдуулар июнь айында орнотулмакчы.
-
Өлкөдө 2017-жылы ТӨРӨТ УЧУРУНДА көз жумган ымыркайлардын саны 2016-жылкыга салыштырмалуу 6 пайызга кыскарып, энелердин өлүмү 2,9 пайызга өскөн.
-
Жогорку Кеңештин депутаттыгына «Кыргызстан» партиясынын тизмеси боюнча талапкер НАСЫР МУСАЕВге мандат берилди. Ал маркум ЖЫРГАЛБЕК КАЛМАМАТОВдун ордуна келди.
-
КЫРГЫЗ АРМИЯСЫ бир жыл ичинде дүйнөлүк рейтингде 17 сапка жогорулады. Былтыр 127 мамлекеттин ичинен 108-орунга илинсе, быйыл 91-сапка жогорулады. Мындай рейтингди «Global Firepower» аналитикалык компаниясы чыгарды.
Бектур Токтоноев
politika@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг:
0