БИР БҮРКҮМ. ӨЛКӨДӨ ГАЗ КЫМБАТТАДЫ...
№809 4-май -10-май, 2018-ж.
-

Юристтер Бишкектеги Шабдан баатыр көчөсүнүн
7-АПРЕЛЬ деп өзгөртүлгөнүнө каршы. «Биздин укук» коомдук фондунун юристтери Бишкек шаардык кеңешин бул чечими үчүн сотко бермекчи.
-
Экс-депутат АИДА САЛЯНОВАга карата козголгон кылмыш иши Жогорку Сотто каралып баштады. Буга чейинки инстанциялар Салянованы күнөөлүү деп таап, 5 жылга эркинен ажыраткан.
-
ДИНАРА МОЛДОШЕВА Интеллектуалдык менчик жана инновациялар боюнча мамлекеттик кызматынын төрайымы болуп дайындалды.
-
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев III ДҮЙНӨЛҮК КӨЧМӨНДӨР ОЮНУН өткөрүүгө даярдык көрүү боюнча кеңешме өткөрүп, иш-чара жогорку деңгээлде өтүшү керектигин эскертти.
-
ЖОГОРКУ КЕҢЕШТИН ДЕПУТАТТАРЫ 30-апрелден 6-майга чейин аймактарда шайлоочулар менен жолугушуу өткөрөбүз деп тарап кетишти.
-
Мурдагы вице-премьер ДҮЙШӨНБЕК ЗИЛАЛИЕВге козголгон кылмыш ишин тергөө аяктап, соттук процесс башталды. Экс-чиновник «терроризм актысы жөнүндө атайлап жалган билдирүү жасаган» деп айыпталууда.
-
Май айында кыргызстандыктар ЖАРАТЫЛЫШ ГАЗЫНЫН 1 метр кубу үчүн 14 сом 41 тыйындан төлөшөт. Бул тууралуу «Газпром Кыргызстан» компаниясы билдирди. Апрель айында эл 14 сом 35 тыйындан төлөгөн.
-
Бишкектин мурдагы мэри Нариман Түлеевдин «Алмазбек Атамбаев КЫЗМАТТАШУУНУ СУНУШТАДЫ» деп интернетке тараткан маалыматын КСДП жалган деп жарыялады.
-
Жогорку Сот журналист НАРЫН АЙЫПтын экс-президент Алмазбек Атамбаевге 3 миллион сомдук айыпты бөлүп төлөөсүнө тыюу салган сот чечимин жокко чыгарды.
-
Журналист ЭРНИС КЫЯЗОВ "5-каналга" башкы директор болуп шайланды. Бул тууралуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунан кабарлашты.
Автандил Добулбеков
politika@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг:
0