Италияда макарон азыктары жана андан даярдалган тамак паста деп аталат. Паста – тоюмдуу, даамдуу, жасоо ыкмасы жеңил жана көп мээнетти, убакытты талап кылбаган тамак. Андыктан бул даамга дасторконуңуздан орун берип, жакындарыңызды Италияга барып келгендей сезимге бөлөңүз.
Керектелүүчү азыктар:
Төө буурчак саадагы – 200 грамм
Макарон азыгы – 200 грамм
Помидор – 150 грамм
Лимон – 1 даана
Сарымсак – 2 тишче
Райкан – 2-3 тал
Өсүмдүк майы – 4 аш кашык
Татымына жараша туз, мурч
Даярдоо ыкмасы:
- Төө буурчак саадагын туздуу сууга 4-5 мүнөт кайнатып алып, узундугун 5-6 сантиметр кылып туурайбыз.
- Макарон азыгын кайнап жаткан туздуу сууга салып бышырып, сүзүп чыгарып алабыз.
- Казанга 2-3 кашык өсүмдүк майынан куюп, ага тууралган сарымсакты жана төө буурчак саадагын салып жай отто 5-7 мүнөт кууруйбуз. Татымына жараша туз, мурч кошулат.
- Жарым лимондун ширесин сыгып, кабыгын майда тиштүү сүргүчтөн өткөрүп алабыз.
- Эми казандагы куурмачка тууралган помидорду, макаронду, лимон ширесин, лимон кабыгынын кырындысын, райкан жалбырагын жана 1 аш кашык өсүмдүк майын кошуп, дагы 2-3 мүнөттөй кууруйбуз. Паста даяр.
Керектелүүчү азыктар:
Макарон азыгы – 200 грамм
Баклажан – 1 даана
Помидор – 3-4 даана
Чили калемпири – 1 даана
Пияз – 1 баш
Сарымсак – 2 тишче
Сыр – 150 грамм
Кумшекер – 1 чай кашык
Зайтун майы – 4 аш кашык
Татымына жараша туз, мурч
Даярдоо ыкмасы:
- Макарон азыгын кайнап жаткан туздуу сууга салып бышырып, сүзүп чыгарып алабыз.
- Баклажанды жууп-тазалап, төрт чарчы формасында туурайбыз да, кызып турган майга кызарта кууруп алабыз.
- Соус даярдайбыз: пиязды, помидорду, райканды жууп-тазалап, майда туурайбыз. Эми буларды майга кууруйбуз. Кууруп жатканда татымына жараша туз, мурч жана кумшекер кошуп, жай отто 15-20 мүнөттөй демдейбиз. Бул аралыкта помидордун ширеси тартылып, куурмач коюуланат. Эми казанга куурулган баклажанды жана макарон азыгын салып аралаштырып, 5 мүнө ткө демдейбиз. Баклажан пастасы даяр. Тамактын бетине сүргүчтөн өткөрүлгөн сырдан, майда тууралган көк чөптөп себелеп дасторконго койсок болот.
Керектелүүчү азыктар:
Тоок эти – 300 грамм
Макарон азыгы – 200 грамм
Чили калемпири – 1 даана
Пияз – 1 баш
Сарымсак – 2 тишче
Сүт – 200 миллилитр
Помидор – 3 даана
Өсүмдүк майы – 4 аш кашык
Татымына жараша туз, мурч
Даярдоо ыкмасы:
- Макарон азыгын кайнап жаткан туздуу сууга салып бышырып, сүзүп чыгарып алабыз.
- Тоок этин ичке, узун кылып, помидорду чоң-чоң, пияз, сарымсакты, чили калемпирин майда туурайбыз.
- Казанга майды куюп, алгач тоок этин кызартып, андан соң пияз менен сарымсакты, чили калемпирин, помидорду салып кууруп, жай отто 15 мүнөткө демдеп коёбуз.
- Эми буга макарон азыгын салып аралаштырабыз. Табитти ачкан паста даяр.
...