
Дипломатиялык паспортторду жеке кызыкчылыктарда колдонуу боюнча Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин жетекчилери Башкы прокуратурага чакырылды. Аталган министрликтин жетекчисинин орун басары
Лунара Мамытованын айтымында, прокуратура депутат
Аида Касымалиеванын сөзүнүн негизинде министрлик жетекчилеринен түшүндүрмө берүүнү сураган.
«Кызматтык жана дипломатиялык паспортторду колдонгондугубуз боюнча түшүндүрмө бердик. Бул иштин жыйынтыгы прокуратура өз иликтөөсүн аяктаган соң белгилүү болот»,- дейт
Мамытова.
Үстүбүздөгү жылдын 24-сентябрында Жогорку Кеңештин комитет жыйынында депутат Аида Касымалиева эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри, анын орун басары Лунара Мамытова чет өлкөгө чыгууда эмгек өргүүсүндө болгон учурларда дипломатиялык паспортту колдоно турганын билдирген. Мамытова Хайнань аралына эс алууга барганда диппаспортун колдонгон, ал эми аталган министрликтин башчысы Таалайкүл Исакунова үй-бүлөсү менен бирге мамлекеттин эсебинен АКШ, Италия өңдүү өлкөлөргө саякаттап келген деген маалыматтар келип түшкөнүн айтып, тийиштүү органдарга иликтөө керек деп кайрылган. Башкы прокуратура Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин жетекчилери дипломатиялык паспортторду жеке максаттарына пайдаланышканы аныкталганын жарыялаган.
Автандил Добулбеков
politika@super.kg