
Парламент депутаттары премьер-министрге Бишкек ЖЭБинин кышка даярдыгын тыкыр көзөмөлдөөгө чакырышты. Эл өкүлү
Гүлшат Асылбаева жылуулук станциясынын кышка даярдыгы күмөн жаратып жатканын айтат. Ал билдиргендей, ЖЭБдин директору
Андрей Воропаев Бишкек мэриясында өткөн жыйында борбордо дагы авария болбойт деп кепилдик бере алган жок. Ал эми ушул жылы 1-октябрга чейин жыйынтыкталат делген суу тазалоочу химиялык цехтин курулушу бүтпөй жатат.
Асылбаева "цех декабрь айына барып курулуп бүтөрү айтылууда" дейт. Буга чейин «Электр станциялары» ишканасы химиялык цех толугу менен курулуп бүткөнүн, ишке даяр экенин кабарлаган эле. Бул ишкананын маалыматына таянсак, жаңы цехти курууга 4,5 миллион доллар жумшалды. Депутат калп айтып жатабы же энергетиктерби?
Айта кетсек, кышында Бишкек ЖЭБинде өндүрүштүк кырсык орун алганда дал ушул цехтин жоктугунан даяр турган жаңы блокту өз убагында ишке киргизүү мүмкүн болгон эмес. Анын айынан Бишкек шаары чилдеде 1 апта жылуулуксуз калган.
Автандил Добулбеков
politika@super.kg