
Өлкө башчысы
Сооронбай Жээнбеков Бишкекте “Ислам азыркы светтик мамлекетте” деген эл аралык жыйын өткөрдү. Максаты – диний радикализмдин алдын алуу жана экстремиздин жайылышына бөгөт коюу чараларын иштеп чыгуу деп айтылды. Жыйында президент
Сооронбай Жээнбеков өлкөдө ислам академиясын ачуу керек деген оюн айтты.
“Мамлекеттин диний саясаты үчүн сырттан алчу даяр үлгү жок, ал бүгүнкүдөй кадыр-барктуу конференциялардагы талкуулардын негизинде жаралат. Келечекте ислам академиясын түзүп, анын ишин мамлекет көзөмөлгө алышы керек”,- дейт президент.
Президенттин ислам академиясын ачуу сунушу жарандык коом тарабынан сындар жана эскертүүлөр менен коштолду. Жарандык активист Даниел Кадырбеков диний радикализмге ислам академиясы бөгөт коё албайт деген пикирде. Тескерисинче, коррупция гүлдөгөн өлкөдө жакыр жашаган элди диний академия ого бетер радикалдаштырышы мүмкүн деген чочулоосун билдирди ал. Буга чейин президенттин билдирүүлөрүнөн улам өлкө жетекчиси бир динге артыкчылык берүүгө басым жасап жатат деген сындар айтылып жүргөн.
Автандил Добулбеков
politika@super.kg