БИР БҮРКҮМ. ТЕКЕБАЕВ ООРУКАНАГА КОТОРУЛДУ...
№841 14-20-декабрь, 2018-жыл
-

Мамлекеттик маанидеги документтерди басып чыгарууга жыл сайын бюджеттен
500 МИЛЛИОН СОМ кетет. Бул тууралуу “Учкун” ишканасынын директору Дайыр Кенекеев билдирди.
-
Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри УЛУКБЕК КОЧКОРОВ муктаж жарандарга жардам берүү боюнча мамлекеттик фонд түзүүнү сунуштады.
-
Азербайжан соту Бакуда кармалган Мамлекеттик бажы кызматынын мурдагы төрагасы Адамкул Жунусовду КЫРГЫЗ ӨЛКӨСҮНӨ ӨТКӨРҮП берүүгө уруксат берди.
-
Токтогулдун Торкен айылында маданият үйү өрттөнүп, андагы китепканада 11 МИҢ КИТЕП күйүп кетти.
-
Таластын Кызыл-Адыр айылында 7-класстын окуучусу МУГАЛИМ ТАРАБЫНАН САБАЛГАНЫН айтып, кыздын апасы милицияга арыз жазды.
-
Экс-президенттерди КОЛ ТИЙБЕСТИКТЕН ажыратууну караган мыйзамдын долбоорун Жогорку Кеңеш 1-окууда карады.
-
Депутат Исхак Масалиев премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевди жер-жерлерге барууда ЖОЛДОРДУ ТОСТУРУП жатканы үчүн сындады.
-
"Ата Мекендин" лидери ӨМҮРБЕК ТЕКЕБАЕВ абактан Улуттук кардиология борборуна которулду.
-
Бишкекте "Берекет" базарындагы өрттөн жабыркаган 312 СООДАГЕРГЕ январь айында жаңы имараттан орундар берилет. Бул тууралуу "Берекет" соода жайынын директору Жекшен Ильязов билдирди.
-
Жумгалда Кызыл-Жылдыз жана Беш-Терек айылдарынын БАЛДАРЫ МУШТАШЫП, 8-класстын окуучусу каза болду.
-
Каракол шаарындагы "Ак-Тилек" базарынын директоруна өрт коопсуздугу боюнча эрежелерди сактабаганы үчүн 200 МИҢ СОМ АЙЫП салынды.
- Бишкекте табып ХАШИМ ЗАЙНАЛИЕВге “мыйзамсыз дарыгерлик кылуу” беренеси боюнча кылмыш иши ачылды.
Автандил Добулбеков
politika@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг:
0