БИР БҮРКҮМ. ПРЕЗИДЕНТ 1 АПТА ЭС АЛАТ...
№875 8-14-август, 2019-жыл
9-августта Чолпон-Атада Евразия экономикалык биримдигине мүчө өлкөлөрдүн өкмөт башчыларынын катышуусунда Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйыны өтөт.
-
6 айда 15 миллиард 240 миллион сом камсыздандыруу төгүмдөрү топтолгонун Мамлекеттик салык кызматы билдирди.
-
Кыргыз өлкөсүнүн 2023-жылга чейинки киберкоопсуздук стратегиясы бекитилди.
-
Ошто Ленин чокусунан түшүп келе жатып жоголуп кеткен туристтин сөөгү табылды. Ал Орусиянын Ички иштер министрлигинин кызматкери, генерал Иван Иванов болгон.
-
Мамлекеттик каттоо кызматынын мурдагы башчысы Алина Шаиковага издөө жарыяланды. Буга чейин Шаикова УКМКга бир нече жолу суракка чакырылып, барган эмес.
-
Кыргыз-Казак чек арасынан Кыргыз жерине аткезчилик жол менен киргизилмекчи болгон 26 миң литр сыра колго түшүрүлдү.
-
7-августка карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 16 миллиард 619 миллион метр кубду түзгөнүн "Электр станциялары" ишканасы билдирди.
-
Президент Сооронбай Жээнбеков 5-августта кыска мөөнөттүү эмгек өргүүсүнө чыкты. Өлкө башчы 1 апта ишке чыкпайт.
-
Оңдоп түзөө иштерине байланыштуу Төө-Ашуудагы тоннель 8-августтан 5-сентябрга чейин маал-маалы менен жабылып турат. Бул тууралуу Транспорт жана жолдор министрлиги кабарлады.
-
Гезит басууга кетерде мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин үйүнө атайын даярдыктагы жоокерлер барганы белгилүү болду.
Кубан Жумамидинов
politika@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг:
0