БИР БҮРКҮМ. КЫРГЫЗСТАНДА 3294 ДИНИЙ УЮМ БАР...
№885 17-23-октябрь, 2019-жыл
Экономика министрлиги: Өлкөнүн 453 айыл өкмөтүнүн 83 пайызы дотацияда.
-
Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын маалыматына таянсак, өлкөдө учурда 3294 диний уюм бар.
-
Ири көлөмдөгү пара алган деп айыпталып жаткан Транспорт жана жолдор министринин мурдагы орун басары Азимкан Жусубалиевдин жаза мөөнөтүн Бишкек шаардык соту 2 жылга кыскартты. Ал Биринчи Май райондук соту тарабынан 14 жылга соттолгон эле.
-
2019-жылдын 31-августуна карата Кыргыз өлкөсүнүн мамлекеттик карызы 4 миллиард 469 миллион долларды түздү.
-
Ак-Талаа районунун акими болуп Сейтек Кулубаев дайындалды.
-
Ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асанов 23-декабрга чейин үй камагында болот.
-
Чүй өрөөнүндө Борбор Азиядагы алгачкы панорама музейи курулат.
-
Кыргыз өлкөсүндө жарандар 4 күн катары менен эс алат. 7-8-ноябрь күндөрү өлкөдө Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү белгиленсе, 9-10-ноябрь күндөрү ишемби жана жекшемби күнгө туш келет.
-
Азербайжандын президенти Ильхам Алиев 2020-жылы Кыргызстанга расмий иш сапары менен келет.
-
Кийинки жылы «Манас» жана «Ош» аба майдандарында Туристтик борбор ачылат. Бул тууралуу Туризм департаментинин башчысы Максат Дамир уулу билдирди.
-
2014-жылы «Манас» аэропортуна келтирилген 5 миллион доллар өлчөмүндөгү зыян боюнча шектүү катары кармалган, аэропорттун Бишкек филиалынын директору Мирлан Бегалиев үй камагына чыгарылды.
-
Казакстандын мурдагы президенти Нурсултан Назарбаев Түрк кеңешинин ардактуу төрагасы болуп шайланды.
-
2020-жылы аймактарды өнүктүрүүгө 2,1 миллиард сом каралууда. Бул тууралуу Финансы министринин орун басары Алмазбек Азимов билдирди.
Кубан Жумамидинов
politika@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг:
2