Архив
1152   1153   1154   1155   1156   1157   1158   1159   1160   1161   1162   1163   1164   1165   1166   1167   1168   1169   1170   1171   1172   1173   1174   1175  
1100   1101   1102   1103   1104   1105   1106   1107   1108   1109   1110   1111   1112   1113   1114   1115   1116   1117   1118   1119   1120   1121   1122   1123   1124   1125   1126   1127   1128   1129   1130   1131   1132   1133   1134   1135   1136   1137   1138   1139   1140   1141   1142   1143   1144   1145   1146   1147   1148   1149   1150   1151  
1049   1050   1051   1052   1053   1054   1055   1056   1057   1058   1059   1060   1061   1062   1063   1064   1065   1066   1067   1068   1069   1070   1071   1072   1073   1074   1075   1076   1077   1078   1079   1080   1081   1082   1083   1084   1085   1086   1087   1088   1089   1090   1091   1092   1093   1094   1095   1096   1097   1098   1099  
997   998   999   1000   1001   1002   1003   1004   1005   1006   1007   1008   1009   1010   1011   1012   1013   1014   1015   1016   1017   1018   1019   1020   1021   1022   1023   1024   1025   1026   1027   1028   1029   1030   1031   1032   1033   1034   1035   1036   1037   1038   1039   1040   1041   1042   1043   1044   1045   1046   1047   1048  
944   945   946   947   948   949   950   951   952   953   954   955   956   957   958   959   960   961   962   963   964   965   966   967   968   969   970   971   972   973   974   975   976   977   978   979   980   981   982   983   984   985   986   987   988   989   990   991   992   993   994   995   996  
897   898   899   900   901   902   903   904   905   906   907   908   909   910   911   912   913   914   915   916   917   918   919   920   921   922   923   924   925   926   927   928   929   930   931   932   933   934   935   936   937   938   939   940   941   942   943  
844   845   846   847   848   849   850   851   852   853   854   855   856   857   858   859   860   861   862   863   864   865   866   867   868   869   870   871   872   873   874   875   876   877   878   879   880   881   882   883   884   885   886   887   888   889   890   891   892   893   894   895   896  
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828   829   830   831   832   833   834   835   836   837   838   839   840   841   842   843  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар

Күйөөсү өрттөп жиберген келин: «АЙНЕКТЕН ЧЫГА АЛБАЙ ДЕНЕМДИН ЖАРЫМЫ КҮЙҮП КАЛДЫ»

№898 16-22-январь, 2020-ж.


Коомчулук өткөн аптада Нарын жана Баткенде күйөөлөрү тарабынан ур-тепкиге алынып каза болгон келиндердин окуясын талкуулап бүтө электе Ысык-Көл облусунда күйөөсү аялын өрттөп жиберген факты катталды. Каракол шаарында 35 жаштагы тургун жарандык никедеги жубайына бензин чачып өрттөп жибергени айтылды. Учурда Каракол шаардык ооруканасында дарыланып жаткан жабырлануучу келин менен байланышып, окуянын чоо-жайын сурадык.

“АЯЛЫН ӨРТТӨП ЖИБЕРИП КАЧЫП КЕТКЕН”

Ысык-Көл ОИИББинин маалымат кызматы келинди өрттөп жиберген киши кармалып, 2 айга камакка алынганын билдирди.

- 4-январь күнү болжол менен саат 16:20 чамасында Каракол ШИИБинин нөөмөт бөлүмүнө Торгоев көчөсүндө жайгашкан эс алуу жайларынын биринин жанынан күйөөсү келинчегине бензин чачып, өрттөп жибергендиги тууралуу маалымат келип түшкөн. Ыкчам тергөө тобу окуя болгон жерге барып, териштирүү иштерин жүргүзгөн. Анда Жети-Өгүз районунун Богатырёвка айылынын 33 жаштагы тургуну С.Б. жарандык никедеги күйөөсү, 35 жаштагы Н.Ч. менен уруша кеткени маалым болгон. Күйөөсү аялынын бетине бензин чачып, өрттөп жибергенден кийин окуя болгон жерден качып кеткен. Келин алган жаракатынан улам Ысык-Көл облустук ооруканасына жаткырылган. Аталган факт Каракол ШИИБинде Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 39-130-беренелери менен (бейбаштык максатта киши өлтүрүүгө аракеттенүү) катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынды. Ал эми келиндин денесинен алган жаракаттарын аныктоо үчүн соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Көрүлгөн тергөө-ыкчам иштеринин натыйжасында, аталган кылмышка шектүү Н.Ч. колго түшүрүлүп, Каракол шаардык сотунун чечими менен 2 айга камакка алынды. Азыркы учурда тергөө иштери уланууда.

“КҮРКӨНҮ СЫРТТАН КУЛПУЛАП ӨРТ КОЙДУ, ЧЫГА АЛБАЙ КАЛДЫМ”

Жабырлануучу Санита Батаханова жарандык никедеги күйөөсү буга чейин да "бычактап салам" деп коркутуп жүргөнүн, ошол күнү окуя кандайча болгонун айтып берди:

- Нурбек (ред.: келинди өрттөп жиберген деп шектелип кармалган жарандык күйөөсү) менен 2017-жылы таанышып, мыйзамдуу никеге турбай эле, чогуу жашай баштадык. Бир жыл жашагандан кийин бир күнү чыр чыгып, бычак алып мени өлтүрөм деп кубалап, артымдан бычак сайып сала жаздаган. Ошондо мен милицияга арыз жазып, ал камалып, бир жыл түрмөдө жатты. Мен ага тамак ташып жүрдүм. Анан түрмөдөн чыккандан кийин оңолуп калды го деп кайра чогуу жашай баштадык. Бирок ичимдик ичип, наша чегип жүрдү. Канча жолу таштайм деп, бирок эрки жетпей койду. Иштебей үйдө жатып алчу, мен эле багып жүрдүм. Өзүм базарда телефон номерлерге бирдик жүктөп иштейм, кийим-кечесин да мен алып берем. Анан кылган жакшылыгы ушул болду. Жөнү жок эле кызганып, “базарда тиги менен, муну менен жүрөсүң” деп уруш чыгара берчү. Акыры тажаганда “жашабай эле коёлу” деп чечип, ажыраштык. Мени туугандарым үйдөн көчүрүп кетишкен. Ошентип, ал талак берип жашабай калганыбызга 1 ай болгон. Ошол бир ай ичинде да арак ичип келип, базарда мени айланып кайтарып жүрдү. Мен “талак бергенден кийин сен менин күйөөм эмессиң, ким менен жүрөм, эмне ишиң бар? Мен сенден коркпойм, Кудайдан эле корком” деп айтып, урушканбыз. Ошого ызырынып калган.

Окуяга чейин бир нече күн мурун мени ээрчип базарга барып, ал жактан айтпаганды айтып сөгүп, бетиме түкүрүп кетип калган. Эртеси күнү дагы ичип келип, мени кубалап, курбу кызым жардам берип, качып кеткем. Кийинки күнү келип мен иштетип отурган күркөнү сыртынан кулпулап койду. Ошол жердеги айдоочу байкелер аралашып жатып ачтырды. Бир аздан кийин кайра келип дагы сыртымдан кулпулап койду. Ач десем ачпайт. Бир литр бензин алып келатканын көрүп качканга аракет кылдым. Бирок күркөнү ачканга күчүм жетпей койду. Ал арада Нурбек бензинди күркөнүн терезесинен ичин көздөй чачты да, от коюп жиберди. Күркөнүн ичи кичинекей, 2 эле киши бата тургандай тар болчу. Дароо эле от алып кетти.

“КӨПЧҮЛҮК ЖӨН ГАНА КАРАП ТУРДУ”

- Өрт күркөнүн ичин каптап, чыга албай калдым. Жандалбастап терезеден чыкканга аракет кылдым, секирдим. Белиме чейин жарымым терезенин сыртында, жарымым күркөнүн ичинде калып юбкам күйүп, этиме жабышып калды. Синтетика кездеме болчу, күйгөндө да тез күйүп, этке жармашат экен. Терезеден колумду булгап “чыгарып алгылачы” деп кыйкырдым. Ошол жердегилер күркөнүн эки жыгачын тепкилеп жатышты, бирок ачылбай койду. Кийин бир нерсе алып келип чаап сындырышты окшойт. Мени чыгарып алып, күйгөн жерлериме кар басышты, “Тез жардам” чакырышты. Эмне болуп кеткенин түшүнбөй калдым, күйүп эле жаттым, колдорум, бетим да күйүп кетиптир. Ушунун баары шаардын эл кайнаган очогу – базарда болуп жатты. Толтура эл бар болчу, бирок көпчүлүгү карап гана турушту.

“МИЛИЦИЯ “СИЗГЕ БИР НЕРСЕ КЫЛСА ГАНА КАРМАЙБЫЗ” ДЕП КОЙДУ”

- Мага качканга жардам берген курбу кызымдын сүйлөшкөн жигитине “мен муну баары бир өлтүрөм, бензин чачып өрттөп жиберем” деген экен. Мен аны укканда милицияга кайрылгам, бирок милиция кайдыгер болуп койду. “Биз эч нерсе кыла албайбыз. Арыз жазсаңыз да баары бир. Сизге бир нерсе кылса гана кармоого укугубуз бар” деп коюшкан. Анан арыз жазсам да карабайт экен деп кетип калгам. Окуя болуп өткөндөн кийин да милиция аны кармабаптыр. 3 күндөн кийин Нурбек өзү барыптыр. Ооруканада жатсам мага түнкү саат 01:00 чамасында телефон чалды. Телефонду сиңдим алып, менин сүйлөй албай жатканымды айтып, эмне максатта чалып жатканын сурады. Нурбек милицияга өзү барарын айтыптыр. Эртеси ал чалган телефон номерди милицияга берип койдук. Үйдөгүлөр барып кармаганын көрүшүптүр. Атам камалсын деп жатат. Убактылуу кармап, кайра чыгарып коюшса мени өлтүрүп коёт деп коркуп жатам.

Мурдагы күйөөмдөн 1 кызым бар. Мени көргөнү ооруканага келип, ыйлап кетти. Мындай болуп кетерин билген эмесмин. Тааныштардын баары эле “эми ал жерде иштебе, кайра түрмөдөн чыкса өлтүрөт” деп жатышат. Ал ошол күнү да бычак кармап жүрүптүр, күркөнү ачсам сайып жиберет деп коркком.

Биринчи күйөөм менен кызым төрөлгөндө эле ажырашып кеткем. Ал дагы урчу, шымынын куру менен сабачу. Ажырашар алдында телефондун бирдигин түгөтөсүң деп уруп-сабап кирген. Кыштын суугунда, бир тыйын акчам жок, эч кимге көрүнбөй качып кеткем. Ошол боюнча ага кайткан жокмун. Кайра-кайра телефон чалып тажатканда үйдөгүлөр мени “күйөөгө тийип кетти” деп коюшкан экен. Ошентип, кийин Нурбекке турмушка чыккам. Нурбек буга чейин теңтуштары менен чогуу муздаткыч уурдап, 3 күн камакта отуруп чыккан экен. Уурулук кылганы менен, адам өмүрүнө кол саларын ойлогон эмесмин.

“ТЕРИНИ АЛМАШТЫРУУ ОПЕРАЦИЯСЫ ЖАСАЛЫШЫ МҮМКҮН”

Ысык-Көл облустук ооруканасынын дарыгери, врач-травматолог Жолдошбек Мусанов жабырлануучунун абалы тууралуу буларга токтолду:

- Жабырлануучу Батаханова биздин ооруканага 4-январь күнү келип түшкөн. Жаракаты өрттөн улам, күйөөсү өрттөп жиберген дешүүдө. Келгенде бензин жыттанып турду, абалы орточо оор болчу, 3-даражадагы күйүк алган. Бети күйүп, шишип кеткен. Эки колунун манжаларынын баары күйгөн, сандарында да күйүк изи бар. Азыркы убакта бетинин шишиги тарап калды, бирок колунун манжалары дарылоого муктаж. Күйгөн жерлеринин териси сыйрылып түшкөн. Бирок жаракаттардын үстүңкү катмары таза, качан айыгат аны убакыт көргөзөт. Учурда керектүү дарылоо көрсөтүлүп жатат. Күйүк терини алмаштырган аутодермопластикалык операция (ред.: теринин күйгөн жерине адамдын өзүнүн башка дене мүчөлөрүнөн тери алып чапталат) жасалышы мүмкүн.

Акыркы кезде үй-бүлөлүк зомбулук курч темага айланып баратат. ИИМдин маалыматына таянсак, 2019-жылы өлкөдө 5 миңден ашуун үй-бүлөлүк зордук-зомбулук фактылары катталган. Бирок бул расмий эсептер гана. Мурда үй-бүлөдөгү зомбулукка каршы административдик чара көрүлүп келсе, 2019-жылдын 1-январынан тарта кылмыш жоопкерчилиги каралат. Жоруктар кодексинде бул жаатта онго жакын берене бар.

Айпери Хожаева
koom@super.kg



Күйөөсү бензин чачып өрт койгон келин окуя тууралуу айтып берди

Автор: Кызжибек Раимова
Оператор: Элчибек Кыштообаев

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  -2 
Комментарийлер(16)
SUPER.KG видео
11.01.2020. 15:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Милициялар эч нерсе кылалбайбыз дегени эмнеси тообо
20.01.2020. 09:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Аябай башаламан тагдыр болуптур. Жарандык нике-талак.
Соттотуу-тамак жеткируу. Акталуу- кайра жарандык никеде жашоолорун улантуу.
Ушунун баарынын сизге не кереги бар эле. Жарандык Нике деген шариатта жок бул деген Зынакорлук. Зынакор адам кылган зынасы учун бул дуйнодо Таш баранга алыныш керек же олтурулуш керек. Ошондо тиги дуйнодогу жазасы жеңил болот деп айтылат шариатта.
Бул сиздин Аллах тарабынан келген белги деп түшүнүп, кудайдан жалбарып тиленип Намаз окунуз
20.01.2020. 09:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
mikana,жарандык деп загс ты айтып атат ХХХХ
Модератор admin_portal түзөттү 2020-01-20 10:36:59
20.01.2020. 14:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
mikana,
Жарандык нике деген ЗАГСы жок жөн эле молдонун нике окуусу менен жашоо деп түшүндүрүлөт.
20.01.2020. 21:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
rafo80,аа кечиресиздер мен башкача түшүнүп жүрүпмүн
20.01.2020. 09:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
И вообще күйөөсү деп айтканга да оозум барбайт эркек сөрөй үн
20.01.2020. 09:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Мен дайыма аялдардын таламын талашам. Бирок ушул аялга ачуум келип кетти. Бычактап кууду деп арыз жазып каматып,анан кайра эмнеге артынан тамак жеткирет?? Кайра жарашат эмнеге,??
20.01.2020. 14:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Кандай эркек болсо аялы да ошого жараша эле болот экен... Аялзаты турмуштун ысык-суугуна, барга-жокко чыдаса болот, бирок, эркектин кордугуна эч качан чыдабагыла демекчимин.
20.01.2020. 20:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Адамдардын бузулганын карачы .баары кайдыгер
21.01.2020. 12:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Кечиресиздер. Жогоруда менин сөзүмдү туура эмес деп дегенинен бул сөздү изучать этип чыктым. Тескерисинче Аллахтын астында нике кыйдырбай, ЗАГС кагазын эле алып жашашат экен. Демек менин жогорудагы сөзүмдүн жаны бар экен да
21.01.2020. 12:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
mikana,расмий турдо болсо Загс болот.Жарандык деген гражданский брак нике окутканбы жокпу оздору билет.Тушунуксуз жашашыптыр.
21.01.2020. 16:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
JaneEr, талак берди деп атпайбы.ЗАГСы жок,нике кыйдырып жашашкан.Андайлар 50% тузот.
21.01.2020. 23:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
kamalsa eken emi kop jilga
22.01.2020. 23:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Сонку кабарга чыкканда жанын талашкандар кана унчукпайтго.тим эле мени менен талашып ,Ким менен журом озум билем дептир демек ар Ким менен журчу.бир болсо Эри Тороп таштап кеткен баладан же зынанын момосунон болгон бир аборттун алдын алды
23.01.2020. 12:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кайра жарашып жашабайле койбойбу да.
25.01.2020. 19:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жаның жегир акмаккккк!Нервим кетирип сөккум да келбеди
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: