БИР БҮРКҮМ. ӨЛКӨДӨ 9600 АДАМ АБАКТА...
№900 30-январь-5-февраль, 2020-ж.
-

Өлкөдө
123 жумушсуз жаран ай сайын 300 сомдон мамлекеттик жөлөк пул алары айтылды.
-
ЖАМК: Өлкөдө 9600 адам абакта отурат, алардын 340тан ашыгы аялдар.
-
Акыйкатчы Токон Мамытов депутаттарга бейөкмөт уюмдардан каржы булагы боюнча отчёт талап кылган мыйзам долбоорун артка чакырып алууну сунуштады.
-
Сузакта 2 жашар бала ур-токмоктон каза тапты. Кылмышка анын жеңеси шектелүүдө.
-
Өкмөт: 2020-жылы 40тай айыл өкмөттү дотациядан чыгаруу пландалууда.
-
Кыргызстан 2019-жылы Кытайга 14 тонна алтын экспорттогон.
-
Өлкө боюнча Патрулдук милицияны түзүү үчүн 456 миллион сом керектелери айтылды.
-
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги: 31-январга чейин Бишкек-Ош жолунун кооптуу аймактарында көчкү түшүү коркунучу жогору.
Гүлжан Асанкожоева
politika@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг:
0