Жылуу сүткө тузду, кумшекерди жана ачыткыны салып аралаштырып, бетин жаап, жылуу жерге 15-20 мүнөткө коё турабыз.
Унду элеп ага өсүмдүк майын, 1 жумуртка жана жогорудагы аралашманы кошуп жумшагыраак кылып камыр жууруйбуз. Камырдын бетин жаап, жылуу ороп коёбуз.
Камыр ачыганча каймак майды муздаткычтан чыгарып, бөлмө температурасында жумшартып алабыз.
Ачыган камырды 10-12 бөлүккө бөлүп, ар бирин жука кылып жайып алабыз.
Жайылган камырдын бетине каймак майдан тегиз сүйкөп, үстүнө дагы бир жайымды коюп майлап отуруп бардыгын каттап чыгабыз.
Бардык жайымдар катталган соң камырды 3-4 миллиметр калыңдыкта жаябыз. Жайылган тегерек камырды тик бурчтуу үч бурчтук формасында бир нече бөлүккө бөлөбүз. Болжол менен 16-18 даана чыгат.
Үч бурчтук кесимдин жоон жагына бир чай кашык шоколад пастасын же джем салып оройбуз.
Круассандын бетине жумуртканын сарысынан сүйкөп, 180 градуста иштеп турган электр мешинде бети кызарганча бышырабыз. Чай, кофе менен берилүүчү таттуу даяр!
АЛМА ГАЛЕТАСЫ
Керектелүүчү азыктар:
(Камыры үчүн)
Ун – 160 грамм
Кумшекер – 15 грамм
Каймак май – 65 грамм
Көбүрткүч – 5 грамм
Жумуртка – 1 даана
Туз – 1 чымчым
Суу – 30 миллилитр
Туурамжы үчүн:
Алма – 330 грамм
Бал – 1,5 аш кашык
Корица – 1 чай кашык
Манна акшагы – 2 чай кашык
Даярдоо ыкмасы:
Унду элеп, ага көбүрткүч, туз, кумшекер, каймак май, жумуртканы салып аралаштырабыз да, суу кошуп жумшак чоюлчаак камыр жуурабыз. Камырды целлофан баштыкка ороп, муздаткычка 40 мүнөттөй салып коёбуз.
Алмаларды жууп, тең экиге бөлүп, данектерин алып, жука кылып туурайбыз.
Бал менен корицаны аралаштырып жай отто жылытып алабыз да, алманын үстүнө куябыз.
Камырды жука жайып алабыз да (диаметри болжол менен 26 сантиметрдей болот), электр мешинин табасына пергамент кагазын төшөп, үстүнө жайылган камырды салабыз.
Камырдын бетине манна акшагынан себелеп, алманын кесимдерин тизебиз. Четинен 6 сантиметрдей аралыкты бош калтыруу керек. Аягында бош калган жерди туурамжынын үстүнө кайрып жабабыз.
Галетаны 180 градуста иштеп турган электр мешине 25-30 мүнөт коюп бышырып алабыз. Эгер мындан да таттуу галета жегиңиз келсе, алманын үстүнө кумшекерден себелеп койсоңуз болот.
АЛМУРУТ ДЕСЕРТИ
Керектелүүчү азыктар:
Алмурут – 750 грамм
Рикотта сыры – 150 грамм
Грек жаңгагы – 5 даана
Бал – 2 аш кашык
Даярдоо ыкмасы:
Алмуруттарды жууп, тигинен тең экиге бөлөбүз, данектерин тазалайбыз.
Электр мешинин табасына пергамент кагазын төшөп, алмуруттарды тизип, ичине рикотта сырын салып, бал куябыз. 200 градуста иштеп турган электр мешине 15 мүнөткө салабыз.
Мештен чыгарып, үстүнө майдаланган жаңгакты себелеп дасторконго коёбуз.
ЖҮГӨРҮ ҮЛПҮЛДӨГҮНӨН ТОРТ
Керектелүүчү азыктар:
Жүгөрү үлпүлдөгү – 100 грамм
Желатин – 10 грамм
Суу – 50 миллилитр
Кара шоколад – 100 грамм
Ак шоколад – 100 грамм
Каймак май – 70 грамм
Быштак – 200 грамм
Ванилин кумшекери – 10 грамм
Кумшекер – 1 аш кашык
Сүт – 100 миллилитр
Мөмө-жемиш – 200 грамм
Даярдоо ыкмасы:
Желатинди сууга чылап, көөп чыкканча тыныктырып коёбуз.
Кара шоколад менен каймак майды суу ваннасында эритип алып, ага жүгөрү үлпүлдөгүн салып аралаштырабыз. Бул торттун негизи болот.
Торт бышыруучу калыптын капталына пергамент кагазын төшөп, жогорудагы аралашманы ныктап, тегиздеп салабыз да, муздаткычка 30 мүнөткө коёбуз.
Быштакка ванилин кумшекерин кошуп алабыз.
Сүттү кайнатып, ага желатинди кошуп аралаштырабыз. Сүт муздаган соң быштак, кумшекер жана эритилген ак шоколадды кошуп жакшылап аралаштырсак креми даяр болот.
Кремди торттун үстүнө тегиздеп салып, 10 мүнөт муздаткычтын тоңдургуч бөлүгүнө коёбуз. Торттун бетин каалаган мөмө-жемиштин кесимдери менен кооздоп койсок болот.
Дамира Арстанова
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.