БИР БҮРКҮМ. ТАШИЕВГЕ ГЕНЕРАЛ ЧИНИ БЕРИЛДИ...
№951 25-февраль-3-март, 2021-ж.
-

“Мекенчил” партиясы алдыдагы жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоого,
парламенттик шайлоого катышпай турганы айтылды.
-
Парламент депутаты Максат Сабиров мандатын тапшыра турганын жарыялады.
-
2020-жылы Кыргыз өлкөсү 15 200 тонна картошка экспорттогонун Улуттук статистика комитети билдирет.
-
Парламент депутаты Гүлнара-Клара Самат Кыргыздын Орусиядагы элчиси болуп дайындалды.
-
2 айга камакка алынган Райымбек Матраимовдун кан басымы көтөрүлүп жатканын Кыйноолордун алдын алуу боюнча борбордун директору Бакыт Рысбеков билдирди.
-
Бишкек мэриясы жарандарды шаардын жолдорундагы кудуктардын капкактарын уурдабоого чакырууда.
-
УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге генерал-лейтенант, ИИМдин жетекчиси Улан Ниязбековго генерал-майор чиндери берилди.
-
24-февралга карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 9 миллиард 824 миллион метр кубду түздү.
-
Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү үчүн Орусия Кыргыз өлкөсүнө 5,2 миллион доллар кайтарымсыз жардам берери расмий жарыяланды.
-
Кримтөбөл Камчы Көлбаевди камакта кармоо мөөнөтү 22-мартка чейин узартылды.
-
24-февралга карата Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоого катышууну көздөгөн саясий партиялардын саны 24кө жетти.
-
Учурда Түштүк Кореяда 2 Кыргыз жараны жаза мөөнөтүн өтөп жатканын башкы прокурордун орун басары Турусбек Ишеналиев билдирди.
Жумабай Акимов
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг:
0