
УКМКнын мурдагы төрагасы Идрис Кадыркулов Кыргызстандын Украинадагы элчиси болуп дайындалды. Тийиштүү жарлыкка президент Садыр Жапаров 25-январда кол койду. 24-январь күнү Кадыркуловдун талапкерлиги Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер боюнча комитетинде талкууланып, колдоо таппай калган эле. Буга карабай президенттин аны элчи кылып дайындашы коомчулукта суроо жаратты. Президенттик администрация бул жагдайга карата
“Конституция боюнча президент элчилерди өз алдынча дайындай алат” деп комментарий берди. 26-январда парламент жыйынында депутат Нурлан Шакиев бул окуяда президенттик аппарат ката кетиргенин айтып чыкты.
– Президент өз алдынча дайындай турганын билсеңер, анда анын талапкерлигин парламентке алып келбеш керек болчу. Парламент менен президентти ыңгайсыз абалда калтырдыңар. Мындан кийин элчилердин талапкерлигин парламентке алып келбегиле,- деди Шакиев президенттин Жогорку Кеңештеги өкүлүнө.
Идрис Кадыркулов УКМКны 2018-2019-жылдары жетектеп турган.
Лунара Бекиева