Ушул аптада интернет желесине коомчулукта резонанс жараткан видео тараган эле. Андан бир киши көчөдө элдин көзүнчө аял кишини опузалап, бетке чаап жибергенин көрүүгө болот. 26-июнда УКМК тарабынан аталган жаран кармалганын, ал Ички иштер министрлигинин атайын багыттагы полкунун кызматкери, милициянын капитаны экени жарыяланды. Аты-жөнү ачыкталган жок. УКМК билдиргендей, жабырлануучу кыз арыз менен кайрылды, анын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренесине ылайык кылмыш иши козголду. Азыркы учурда кылмышка шектүү убактылуу кармоочу жайда, тергөө иштери жүрүүдө.
Коомчулук аял кишиге кол көтөргөн аталган жаран мыйзам алдында жоопко тартылышын, иштен айдалышын талап кылууда.