Орусиялык ырчы, композитор Леонид Агутин никеден тыш төрөлгөн 29 жаштагы кызы Полинаны турмушка узатты. Күйөө баласы түпкү теги араб болгон француз, аты Жуан. Франциянын атуулу. Үлпөт той Лондондо болуп өттү жана жаш жубайлар азыр ошол жакта жашап жатышат.
Алгач окуя тууралуу кабар эч жакка чыккан эмес. Леониддин атасы Николай Агутин ЖМКлардын бирине окуянын четин чыгарып жиберген. Полина Воробьева Лондондон билим алып, анан Франция, Испанияда иштеген. Чет өлкөдө атасы сатып берген үйү бар. Полинанын апасы белгилүү балерина Мария Воробьева. Кызына атасы башынан моралдык жана каржылык жардам көрсөтүп келет. Полина Лондондогу басылмалардын биринде иштейт, китеп жазат деп маалымдашты орусиялык маалымат каражаттары.