Быйыл июль айына чейин Мамлекеттик салык кызматы республикада өндүрүлгөн алкоголдук продукциялардан 2 миллиард 36 миллион сом акциз салыгын чогултту. Бул тууралуу 14-августта мекеменин маалымат кызматы билдирди. Маалым болгондой, бул көрсөткүч 2024-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 10 миллион сомго көп. Мындан тышкары, 7 айда ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдөн импорттолгон алкоголдук продукциялардан түшкөн акциздик салыктын көлөмү 426 миллион сомду түздү, бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 98 миллион сомго көп. "Соода тармагында (чекене жана дүң) сатылып жаткан маркаланууга тийиш болгон продукциянын акциздик маркасынын бар же жок экендигин жана анын аныктыгын Салык кызматынын органдары көзөмөлдөйт. Салык кызматы жарандарды жасалма жана контрафакттык продукцияны колдонуудан качуу үчүн алкоголдук продукциядагы акциздик марканын аныктыгын текшерүүгө чакырат. Аны текшерүү үчүн “Salyk” мобилдик тиркемесинде “Акциздик марка” бөлүмү бар. Ал жерде маркадагы Data-Matrix кодун сканерлөө аркылуу продукция тууралуу маалымат алууга болот",- деп белгиленген маалыматта.