Боом — Чүй өрөөнү менен Ысык-Көл өрөөнүн бириктирип турган капчыгай. Анын узундугу 25 чакырым, аны Кочкор аймагынан агып чыккан Чу дарыясы аралап өтөт. Капчыгайдын аталышы кайдан келип чыкканы тууралуу манасчы Дөөлөт Сыдыков баяндаган уламышка назар салсак.
Манастан бери карай...
– Манас баатыр Ала-Тоону душмандардан тазалап келе жатканда Ысык-Көлдүн башына жетип, калың колун 4-5ке бөлүп, бир бөлүгүнө Бакай атаны башчы кылып капчыгайга салат. Бакай ата тоодон ылдый караса капчыгай ичин жөө туман каптап, тарабай коёт. Көрсө, Манас баатырдын кабарын уккандар калмак ханы Акунбешимге Манасты сыйкыр менен өлтүрбөсө, ага адамдын алы жетпесин айтышат.
Акунбешим аярларынын (сыйкырчы) ичинен Бооң дегенин тандап, ага көп аскер кошуп берип, “Манасты капчыгайдан бери өткөрбөй тоскула” дейт. Ошондо Бооң аяр ажыдаар болуп кубулуп, жолду бөгөп жатып алат. Манастын чоросу Айнакулду кырк миң колу менен ошол ажыдаар “жутуп” алган делет.
Бар эле Бооң аярың,
Алтымыш түрлүү иш кылып,
Өнөрүн журтка жаярың,
Ажыдаар болуп алыптыр,
Айнакулду баш кылып,
Кырк миң колдун баарысын,
Такыр жутуп салыптыр... деп айтылат “Манаста”.
Бул сыйкыры байкаган Бакай ата өзүнүн аярларынын жардамы менен Бооңду өлтүрүп, капчыгайдын жолун ачышат. Ушул окуядан кийин капчыгай “Боом” деп аталып кетет. Ошентип Манас атаны ээрчиген кыргыз эли Боомдон өтүп, Чүйдү бошотот.