Жогорку Кеңештин 7-чакырылышы өзүн-өзү таркатууга киришип, демилге расмий түрдө күн тартибине чыкты. Демилгечи топ парламентти мөөнөтүнөн мурда таркатуу маселесин көтөрүп, таркатуу үчүн керек болгон 30 депутаттын колун топтоду. Бул маалыматты бир катар депутаттар тастыкташты.
Маселе 23-сентябрда парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш жана сот-укуктук маселелер комитетинин жыйынында каралары күтүлүүдө. Расмий документке ылайык, кол койгон депутаттардын катарында депутаттар Нурланбек Азыгалиев, Нурбек Сыдыгалиев, Жанар Акаев, Чолпон Султанбекова, Балбак Түлөбаев жана башкалар бар. Жалпысынан азыркы учурда парламентти таратууну колдоп 32 депутат кол койгону белгилүү болду.
Эл өкүлдөрүнүн айтымында, президенттик жана парламенттик шайлоолорду бир учурда өткөрүү өлкө үчүн каржылык жана уюштуруучулук жактан оорчулук жаратат. Ошондуктан парламенттик шайлоо 1 жыл эрте өткөнү жакшы.
Эскерте кетсек, мыйзам боюнча парламент 30 депутаттын демилгеси менен өзүн-өзү таркатуу сунушун киргизе алат. Эгер комитет колдосо, маселе жалпы жыйынга чыгарылат. Ошондой эле эгерде өзүн-өзү таркатуу демилгеси кабыл алынса, анда 60 күндүн ичинде жаңы шайлоо өткөрүлүүгө тийиш, шайлоонун датасын Борбордук шайлоо комиссиясы белгилейт.