Архив
1152
1153
1154
1155
1156
1157
1158
1159
1160
1161
1162
1163
1164
1165
1166
1167
1168
1169
1170
1171
1172
1173
1174
1175
1176
1177
1178
1179
1180
1181
1182
1183
1184
1185
1186
1187
1188
1189
1100
1101
1102
1103
1104
1105
1106
1107
1108
1109
1110
1111
1112
1113
1114
1115
1116
1117
1118
1119
1120
1121
1122
1123
1124
1125
1126
1127
1128
1129
1130
1131
1132
1133
1134
1135
1136
1137
1138
1139
1140
1141
1142
1143
1144
1145
1146
1147
1148
1149
1150
1151
1049
1050
1051
1052
1053
1054
1055
1056
1057
1058
1059
1060
1061
1062
1063
1064
1065
1066
1067
1068
1069
1070
1071
1072
1073
1074
1075
1076
1077
1078
1079
1080
1081
1082
1083
1084
1085
1086
1087
1088
1089
1090
1091
1092
1093
1094
1095
1096
1097
1098
1099
997
998
999
1000
1001
1002
1003
1004
1005
1006
1007
1008
1009
1010
1011
1012
1013
1014
1015
1016
1017
1018
1019
1020
1021
1022
1023
1024
1025
1026
1027
1028
1029
1030
1031
1032
1033
1034
1035
1036
1037
1038
1039
1040
1041
1042
1043
1044
1045
1046
1047
1048
944
945
946
947
948
949
950
951
952
953
954
955
956
957
958
959
960
961
962
963
964
965
966
967
968
969
970
971
972
973
974
975
976
977
978
979
980
981
982
983
984
985
986
987
988
989
990
991
992
993
994
995
996
897
898
899
900
901
902
903
904
905
906
907
908
909
910
911
912
913
914
915
916
917
918
919
920
921
922
923
924
925
926
927
928
929
930
931
932
933
934
935
936
937
938
939
940
941
942
943
844
845
846
847
848
849
850
851
852
853
854
855
856
857
858
859
860
861
862
863
864
865
866
867
868
869
870
871
872
873
874
875
876
877
878
879
880
881
882
883
884
885
886
887
888
889
890
891
892
893
894
895
896
792
793
794
795
796
797
798
799
800
801
802
803
804
805
806
807
808
809
810
811
812
813
814
815
816
817
818
819
820
821
822
823
824
825
826
827
828
829
830
831
832
833
834
835
836
837
838
839
840
841
842
843
740
741
742
743
744
745
746
747
748
749
750
751
752
753
754
755
756
757
758
759
760
761
762
763
764
765
766
767
768
769
770
771
772
773
774
775
776
777
778
779
780
781
782
783
784
785
786
787
788
789
790
791
687
688
689
690
691
692
693
694
695
696
697
698
699
700
701
702
703
704
705
706
707
708
709
710
711
712
713
714
715
716
717
718
719
720
721
722
723
724
725
726
727
728
729
730
731
732
733
734
735
736
737
738
739
635
636
637
638
639
640
641
642
643
644
645
646
647
648
649
650
651
652
653
654
655
656
657
658
659
660
661
662
663
664
665
666
667
668
669
670
671
672
673
674
675
676
677
678
679
680
681
682
683
684
685
686
583
584
585
586
587
588
589
590
591
592
593
594
595
596
597
598
599
600
601
602
603
604
605
606
607
608
609
610
611
612
613
614
615
616
617
618
619
620
621
622
623
624
625
626
627
628
629
630
631
632
633
634
531
532
533
534
535
536
537
538
539
540
541
542
543
544
545
546
547
548
549
550
551
552
553
554
555
556
557
558
559
560
561
562
563
564
565
566
567
568
569
570
571
572
573
574
575
576
577
578
579
580
581
582
479
480
481
482
483
484
485
486
487
488
489
490
491
492
493
494
495
496
497
498
499
500
501
502
503
504
505
506
507
508
509
510
511
512
513
514
515
516
517
518
519
520
521
522
523
524
525
526
527
528
529
530
427
428
429
430
431
432
433
434
435
436
437
438
439
440
441
442
443
444
445
446
447
448
449
450
451
452
453
454
455
456
457
458
459
460
461
462
463
464
465
466
467
468
469
470
471
472
473
474
475
476
477
478
374
375
376
377
378
379
380
381
382
383
384
385
386
387
388
389
390
391
392
393
394
395
396
397
398
399
400
401
402
403
404
405
406
407
408
409
410
411
412
413
414
415
416
417
418
419
420
421
422
423
424
425
426
322
323
324
325
326
327
328
329
330
331
332
333
334
335
336
337
338
339
340
341
342
343
344
345
346
347
348
349
350
351
352
353
354
355
356
357
358
359
360
361
362
363
364
365
366
367
368
369
370
371
372
373
264
265
266
267
268
269
270
271
272
273
274
275
276
277
278
279
280
281
282
283
284
285
286
287
288
289
290
291
292
293
294
295
296
297
298
299
300
301
302
303
304
305
306
307
308
309
310
311
312
313
314
315
316
317
318
319
320
321
Популярдуу макалалар
|
Куштардын махабаты (Сүйүүсү үчүн бардык курмандыкка барган аял тууралуу сериал)№1188
Сания Мариям курбусун узатып коюп, үйүнө жөнөдү. Такси чакырайын деп барып кайра айнып кетти. Үйүнө чейин жөө эле баса турган болду. Көңүлү ачылып кеткенсиди. Адатта айрым адамдар кээде башкаларда да чечилбей турган маселе бар экенин билгенде кубанып кетет эмеспи. Ошол сыяктуу бир сезим каптады. Албетте, Мариямга ичи ачышты, бирок Акбарга “сооп болду” дегендей табасы кана кетип бара жатты. Үйүнө кирип телефон чукулап отурган күйөөсү Марска шаңк эте үн катты. – Бүгүн эмне болду билесиңби? Тиги башын чайкады. Ушунчалык кайдыгер көздөрүнөн кубанычы да кайдадыр учуп кеткендей болду. “Дайыма ушундай, ачыбаган камырдай болуп турганы турган” деди ичинен жини келип. – Бомба жарылыптыр! – Эмне бомба? – Мариям Акбардын ашыгы тууралуу билиптир. Наконец-то... – А сен эмне мынча ага кубанып жатасың? Мариям үчүн делдектеп чуркап жүрдүң эле го. – Анткени курбумдун көзү ачылды. Билди, Акбар деген андай деле периште эмес экенин, ал дагы балчыкка балч этип отуруп кала турганын... Болбосо анын этегине намаз окуганы эле калды эле. – Сага эмне? – Эмне мага эмне? – Ал күйөөсүнүн этегине намаз окуйбу же башкабы, сага ысык-суугу барбы? – Эй, барчы ары. Сени менен сүйлөшкөнчө уй менен мөөрөшкөн жакшы. Эч нерсени түшүнбөйсүң. – Эмнени түшүнүшүм керек эле өзү? Сания колун шилтеп, өз бөлмөсүнө кирип кетти. Күйөөсү ийинин куушуруп кала берди. Саниянын көзүнө Акбардын бечара кебетеси элестеп, “сениби, шашпа, дагы далайды көрөсүң” деп маашырлана жылмайып койду. ххх Ушундай болду. Сания айткандай чын эле бир бомбанын үстүндө отургандай абал пайда болду. Ал бир үй-бүлөнүн баш оорусу болуп жатканынан Айкөлдүн кабары жок болчу. Ал Акбардын жашоосуна кирейин деген деле ою жок эле. Бирок жалгыз калганда ийинин тоскон, жардам көрсөткөн жалгыз ошол адам болду. Күндө келет бейтапканага. Сүйлөп деле жибербейт. Ушундай мээримдүү карайт да турат. Айкөлдүн жаралуу жүрөгү ушул адамдын көз карашы менен айыгып бараткандай сезилди. Куду сазда чөгүп бара жатканда колунан тартып чыгарып кеткендей болду. Адатта чоочун адамдарга көнө албай, өз дүйнөсүнө бирөөнү киргизүү кыйын эле. Бирок күн сайын Акбардын камкордугу жан дүйнөсүнүн эшигин сурабай эле ачып кирип бара жатты. Эми да терезеден анын врач менен сүйлөшүп жатканын көрүп, ууртунан жылмайып койду. Өзүнүн ден соолугуна ушунча карап жатканына ыраазы болду. Эшикке чыгып, аны көздөй басты. – Кандайсыз? – Жакшымын, сен да жакшы экенсиң,- деди жылмайган Акбар. – Кайдан билдиңиз? – Врач менен сүйлөштүм, “ден соолугунда эч бир маселе калбады” деди. – Бир ай жакшы карашты, ыраазы болдум. Азыр мындай өз ишин жакшы билген дарыгерлер аз го. Чын эле жакшы сезип калдым өзүмдү. – Баары нормага түштү деди. Отуралыбы, бир аз... Бак-дарактын далдоосундагы скамейка жакка басты Акбар. Аны өз алдынча жоруду Айкөл. – Коркпоңуз, эч ким деле көрбөсө керек. – Эмнеден корком? Айкөл аны тике карады. Акбар кайрадан бул сулуу көздөрдүн туткунунда калды. – Ушул жашымда бир кыздын көз карашынан ушунчалык толкунданам, сүрдөйм деп эч ойлогон эмесмин. – Жашырганда эмне, мен да ойлогон эмесмин. Тагдыр деген ушул экен. Кылбайм дегениңди кылдырып коёт тура. Мындан ары эмне болорун да билбейм,- деди улутунган Айкөл. – Баары жакшы болот. – Мен акылсыз адам эмесмин, баарын билип, сезип турам. Мени көргөндөн тартып сиздин көңүлүңүздө экенимди билем. Айдар кырсыкка кабылган күнү да кандайдыр бир себептер менен жанымда болуп калдыңыз. Кийин да айылга аркамдан барып жүрдүңүз. Бардык мамиленин аты болот эмеспи, сиз экөөбүздүн ортобуздагы мамиленин да атын коё албай келе жатам. Сизди алигиче эмне деп айтарымды билбейм. – Акылсыз эмессиң. Ошол үчүн сага байланып калдым. Мен көп сулуу аялдарды көрдүм, Айкөл. Бирок сендей эч ким жүрөгүмө жазылып калганы болбоду, болбойт дагы. Чынын айтсам, бул сезимдин атын мен да билбейм. Жашоомдо биринчи жолу башымдан өткөрүп турам. Байландым. Эч кимге, эч нерсеге карабай... Ыйык делген бардык нерселеримди аттап өткөнчөлүк байландым сага. Айрымдар жиндилик, көпкөндүк, акылсыздык дешет. Бирок сен менин ичимдеги таза сезимдеримди көр. Бил. Буга көздүн эмес, көкүрөктүн көзү керек. Мага ошол жетет. Айкөлдүн кансырап турган жүрөгү ушундай бир чоң сезим менен сооронмок. Экөөнүн ортосунда эмне болуп жатса да, бул дартына даба болуп жатканын сезип турду. Алдында турган, мээримдүү көзү менен караган адамдын сезиминин актыгына да ишенди. “Тагдыр деген ушулбу, бирөөнү алса, кайра ошол жолдо башка бир адамды береби? Жоготкондорумдун орду толбойт го, бирок каниет кылыш үчүн Кудай мага өзү жиберип турган жокпу?” деп ойлоду. – Эртең сени бул жерден чыгара турганын айтты врач. Сени алып кетейин. Дагы эс ал, ойлон. Алдыңда узун жол бар. Айкөл, сен эркинсиң. Тандооңдо, каалооңдо дайым эркин экениңди сез. Болгону эл көзүнөн алыс, өзүң менен өзүң кала турган жайга алып кетейин. – Макул, баары сиз айткандай, сиз чечкендей болсун. Бишкектен бир аз алыс, тоо тарапта чын эле эл көзүнөн алыс, шылдырап суусу аккан, айланасы бейиштин багындай болгон кенен, жайлуу, кооз особняк экен. – Бул кимдин үйү? – Менин. – Хм... – Чарчап, жалгыз калгым келгенде ушул жерге келем. Кээде бир нерсеге түйшөлгөндө келем. Баса, бул жерге менден башка алгач босогону аттаган адам сенсиң. Башка эч ким келе элек болчу. – Сонун жер экен. – Терезени ачып койсоң, гүлдөрдүн жыты укмуш. Жакын жашаган бир байке менен эжеге табыштап коём. Баарын ошолор карашат. Акбар машинеден азык-түлүктөрдү түшүрө баштады. Баарын жайгаштырып, көрсөтүп коюп кайра кетмей болду. Айкөлдүн ушул учурда маанайы түшүп калды, бирок билгизбеди. – Мен сенден тез-тез кабар алып турам, эч нерседен камсанаба. Корксоң, жанагы байкенин кызы бар, ошону чакырып алсаң болот. – А сиз качан келесиз?- деп жиберди эрксизден Айкөл. Анткени бул чоочун, ээн үйдө жалгыз калууну каалабай турду. Бирок Акбар аны түшүнгөн жок. Качан келе турганын билбегенин айтты да, машинесине түшүп, кол булгалай жүрүп кетти. Жалгыздык кайра чулгап алды аны. Жалгыз болсо тамак да ичпеген адаты бар эле. Жакшы жагы – чоң китепканасы бар экен Акбардын. Китептерди карап отуруп, өзүнө жаккандарын тандап алды. Окуп жатып уктап кеткен экен. Түшүнө Айдар кириптир. Эмнегедир капалуудай. – Мен жалгыз калбадымбы...- деди ага ыйламсыраган Айкөл. – Билем. – Мени кечир. – Кечирдим, Айкөлүм. Мен баарын билем. Болгону жардам бере албайм. – Сагындым сени, апамды, атамды. Баарың мени таштап кетип калдыңар. Оорудум. Жанымдан кечким келди. Бул киши болбогондо... – Айкөл, сен жакшы болсоң эле болду мага. – Мен сени сүйөм. Жалгыз сенсиң жүрөгүмдө. Бирок жалгызмын. Жалгыздык кандай жаман бир билсең, мага жиниң келбейт эле. Айдар, Айда-аар, токто. Ушинтип бакырып жатып ойгонуп кетти. Айдар андан алыстап кетип калды. Түштө жолукпай калган кандай жаман. Жок дегенде түшүндө сагынычы жазылса эмне? Өзүнүн абалын түшүндүрө алса эмне? Жалгыздыгын, айласыздыгын, бир нерсеге илинип, алданып жашоосун улантышы керек экенин айта албай калганына жаны кейиди. Ыза болду. Ушул учурда аны бирөө-жарым түшүнүп бооруна кысышын, башынан сылашын каалады. Көмкөрүлгөн казандын алдында калгандай болгон жалгыздыктан кутулгусу келди. Ичинен чечим чыгарды. Ошол чечимге эмне болсо да бекем турууга өзүнө сөз берди.
(Уландысы кийинки санда)
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн. Рейтинг:
![]() Комментарийлер()
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
|
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул макаланы окуду:
|