Быйыл кыш мезгилинде Кыргызстанда электр жарыгы өчүрүлүшү мүмкүн. Бул тууралуу 24-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында энергетика министринин орун басары Эмилбек Ысманов билдирди. Анын айтымында, өлкөнүн жылдык керектөөсү өскөндүктөн быйыл кошумча 500 миллион киловатт-саат электр кубатына муктаждык жаралууда. Жалпысынан электр энергиясынын тартыштыгы өткөн жылга салыштырмалуу 1 миллиард 600 миллион киловатт-саатка көбөйгөн. Ошондуктан Кыргызстан коңшу төрт өлкөдөн жалпы 4,3 миллиард киловатт-саат электр энергиясын импорттоону көздөөдө. Өткөн жылы бул көрсөткүч 3,8 миллиардды түзгөн. Депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып Ысманов импорт толугу менен камсыздалса, жалпы системде чоң көйгөй болбой турганын белгиледи. Бирок ал бир жагдайга көңүл бурду: “Эгерде керектөө лимиттен ашып кетсе, таңкы жана кечки жүктөм көп болгон сааттарда жөнгө салуу чараларын колдонууга туура келет”,- деди ал. Башкача айтканда, эртең менен жана кечинде свет өчүрүүлөр болушу мүмкүн.
Буга чейин энергетика министри Таалайбек Ибраев быйылкы кыш оор болорун, анткени Токтогул суу сактагычында суу аз экенин билдирген.