Сузак райондук соту өгөй кызын зордуктаган деп айыпталган 43 жаштагы Т.С. аттуу тургунду өмүр бою эркинен ажыратты. Сот чечимине ылайык, айыпталуучу жабырлануучуга 300 миң сом өлчөмүндө компенсация да төлөп берүүгө милдеттендирилди. Эске салсак, бул иш боюнча сотко чейинки териштирүү Чүй облусунда башталган. Ысык-Ата райондук социалдык камсыздоо башкармалыгынын адиси милицияга арыз менен кайрылып, 1982-жылы туулган Т.С. аттуу адам өзүнүн 15 жаштагы өгөй кызын көп убакыттан бери зордуктап келгенин билдирген. Арыздын негизинде соттук-медициналык жана соттук-психологиялык экспертизалар дайындалган. Тергөөнүн материалдары айыпталуучунун жашаган жери боюнча Сузак районуна өткөрүлүп берилген.
Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгы жана Сузак РИИБинин криминалдык милиция кызматкерлери шектүүнү кармап, ага каршы Кылмыш-жаза кодексинин 154-беренеси (зордуктоо) боюнча кылмыш иши козголгон. Сот жүрүшүндө топтолгон далилдер толук изилденип, айыпталуучу күнөөсүн четке каккан эмес. Натыйжада сот ага эң жогорку жаза – өмүр бою эркинен ажыратуу өкүмүн чыгарды. Адистер мындай чечим өспүрүмдөрдүн укуктарын жана коопсуздугун коргоо багытындагы маанилүү кадам экенин белгилешүүдө