23-сентябрда Жогорку Кеңештин тийиштүү комитети көп аялдуулук үчүн кылмыш жоопкерчилигин жоюуну сунуштаган мыйзам долбоору боюнча президент Садыр Жапаровдун каршы пикирин талкуулады. Комитет мамлекет башчынын позициясын колдоп, мыйзам долбоорун четке какты. Президенттин каршы пикири акыйкатчы, Башкы прокуратура, Дин иштери боюнча агенттик, Улуттук илимдер академиясы жана Юстиция министрлигинин корутундуларына таянып даярдалган. Садыр Жапаров көп аялдуулук жана эки аялдуулук аялдар менен балдардын укуктарын бузуп, үй-бүлө институтун алсыратарын белгилеп, Кылмыш-жаза кодексинин 176-беренеси күчүндө калышы керектигин билдирди. Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева да бул көрүнүш дискриминацияга шарт түзүп, өлкөнүн эл аралык беделине зыян алып келерин эскертти.
Эске салсак, мыйзам долбоору 25-июнда парламентте кабыл алынып, аны депутаттар Нурланбек Азыгалиев менен Медер Саккараев демилгелешкен.