1. Эң натыйжалуу жана жөнөкөй ыкма – эфир майларын колдонуу. Кастор, чалкан, бадам же кокос майлары. Ар бирин өз-өзүнчө же бир нечесин кошуп аралаштырып колдонсо болот. Күнүгө 1 маал кечкисин жатарда таза щётка менен сүйкөө керек. Майлар фолликулдарды азыктандырып, түшүүсүн токтотуп, өсүүсүн камсыз кылат. 2-3 апта үзгүлтүксүз сүйкөсөңүз, натыйжасын байкайсыз.
2. Курамында пептид бар сыворотка. Пептиддер кирпиктин түшүүсүн алдын алат да, коюу болуп өсүүсүнө көмөктөшөт.
3. Алоэ вера – азыктандырат, узун болуп өсүүсүнө жардам берет.
4. В тобундагы витаминдерди кабыл алуу керек. Алдын ала офтальмологго барсаңыз, кандай жана канча өлчөмдө ичүү керектигин аныктап берет.
5. Массаж. Көзгө, көздүн сурмаларына массаж керек. Көздүн айланасын, сурмаларды укалаганда кан айлануу жакшырат, азыктандыруу жакшы жүрөт. Натыйжада майда бырыштардын алдын алабыз, фолликулдардын түбү жакшы азыктанып, кирпик түшпөйт, бекемделет, өсүүсү жакшырат.
Эскертүү!
* Кеңештерди үзбөй, күнүгө колдонуу керек. Ошондо гана жыйынтык болот.
* Үй шартында өстүрүү ыкмаларын жасап жаткан күндөрү, көздү, кирпиктерди “эс алдыруу” керек. Тагыраагы, көзгө макияж жасабаңыз.
* Агрессивдүү косметика, сууга туруктуу тушь кирпикке зыян.
* Көздүн гигиенасын сактаңыз, көздү ушалабаңыз. Макияж бар учурда атайын каражаттар менен өчүрүп, таза жуу керек.
* Уйкунун жетишсиздиги, стресс, туура эмес тамактануу, В тобундагы витаминдердин жетишсиздиги чач фолликулдарынын жаңырышын (чач, каш, кирпик) жайлатат. Андыктан кирпик, чач, каштын сапаты жакшы болсун десеңиз, организмдин ички саламаттыгына да көңүл буруңуз.