Каракол шаарында 7-класстын окуучусу классташ кыздарын сабап жатканы тартылган видео социалдык тармактарда тарап, коомчулуктун кескин реакциясын жаратты. Видеодо өспүрүм бир нече кызды уруп, алардын бири качып класстан чыгып кеткенин көрүүгө болот. Каракол шаардык ички иштер башкармалыгы бул фактыны ырастады. Маалыматка караганда, 28-сентябрда жабыркаган кыздардын биринин чоң атасы милицияга кайрылган. Ал 24-сентябрда болгон окуяда 2012-жылы төрөлгөн небереси жана анын классташы ур-токмокко кабылганын билдирген. Медициналык экспертиза кыздардын денесинен жаракаттарды аныктаган. Учурда териштирүү иштери жүрүп жатат.
Көп өтпөй кыздарды ур-токмокко алган баланын апасы интернеттеги социалдык тармак аркылуу видеокайрылуу жасап, уулунун жоругу үчүн кечирим сурады. “Мен уулумдун аракетин актабайм. Коомдун нааразычылыгын түшүнөм. Буллинг менен агрессияга жол берилбеши керек. Кыздардан жана коомдон кечирим сурайм”,- деди эне.
Окуяны жергиликтүү бийлик да көзөмөлгө алганын билдирип, мектептерде балдардын коопсуздугуна көңүл буруу зарылдыгын белгиледи.