Кыргызстанда 45 жаштан ашкан аялдардын арасында эмчек безинин рагы көбөйүп жатканын айтып дарыгерлер коңгуроо кагышууда. Мындан тышкары жатын моюнчасынын эрозиясы өспүрүмдөрдө жана жаш кыздарда да көп кездешип жатканына тынчсызданышууда адистер. Бул тууралуу “Биринчи радионун” эфиринде Саламаттык сактоо министрлигинин башкы акушер-гинекологу Гүлжан Жалиева билдирди. Анын айтымында, эрозия убагында аныкталбаса жана дарыланбаса, онкологиялык же жугуштуу ооруларга алып келиши мүмкүн. Жалиева белгилегендей, жатын моюнчасынын рагын алдын алуу үчүн 16 жашка чейинки кыздарга вакцина жасалат. Бирок көпчүлүк ата-энелер маалымдуулуктун аздыгынан улам эмдөөдөн баш тартып жатышат.
Ошондой эле медиктер эмчек рагынын алдын алуу үчүн аялдар жылына жок дегенде бир жолу маммологго көрүнүп, текшерүүдөн өтүүсү зарыл экенин эскертишти. Биринчи белгилерди байкаганда өз алдынча дарыланбай, дароо адиске кайрылууну сунушташат.
Эске салсак, 1-октябрдан тартып өлкөдө “Аялдардын саламаттыгы” айлыгы башталды. Анын алкагында 18 жаштан жогору аялдар ооруларды эрте аныктоо жана алдын алуу боюнча акысыз текшерүүдөн өтө алышат.