24-декабрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Дастан Бекешев электрондук тамекиге тыюу салынганы менен, аткезчилик жол арылуу өлкөгө киргизилип жана сатылып жатканын айтты.
Депутат өкмөткө кайрылып, тыюуну алуу керектигин, анткени бюджетке алардан алынган салык каражаттары түшпөй калганын билдирди. Бекешевдин пикирин Салык кызматынын башчысы Алмамбет Шыкмаматов колдой турганын айтып, электрондук тамекиге киргизилген тыюу аткезчиликке жол ачканын, андыктан тийиштүү мыйзам долбоорун даярдап келүүгө макул экенин белгиледи.
Экономика министри Бакыт Сыдыков да маселени изилдеп, тийиштүү сунуштарды Жогорку Кеңешке киргизүүнү убадалады. Ал тапта депутат Эрулан Көкүлов өкмөт мүчөлөрүнүн пикирлерине каршылыгын билдирип, электрондук чылымга чектөө киргизген мыйзам чыккандан кийин аны так аткарууга чакырды.
– Бизге андай салыктан түшкөн акчалардын кереги жок. Мага өлкөнүн келечеги, жаш балдардын ден соолугу керек. Ал тамекидей болуп жыттанбайт экен, андыктан жаш балдар үйүндө эле чегип калышкан. Депутаттар мыйзамды жазып берди, өкмөт, аны аткаргыла,- деди депутат.
Эске салсак, өлкөгө электрондук тамеки алып келүүгө, сатууга каршы мыйзам 2024-жылы кабыл алынган.